Сабыр жана шүгүр

Сабыр-сөздүктө жолтоо болуу, маани болуу, камакка алуу, күчтүү жана чыдамкай болуу маанисиндеги сабыр сөзүндөн келип чыккан. Терминологиялык мааниси же ахлак жагынан алып караганыбыздагы мааниси: Кайгыруу, башыбызга келген балээлерге чыдамкайлык көрсөтүү деген маанини туюндурат. Сабыр  напсибизди өч алуудан, тилибизди арыздануудан, денебизди жаман мүнөздөрдөн коргоочу Аллах тарабынан берилген бир немат болуп саналат. Атактуу Ислам аалымы,  мусулмандардын далили наамына татыган имам Газали сабыр кылуунун аныктамасына мындай деп кошумчалап кеткен: Сабыр — напсинин каалоосун, үстөмдүк кылуусун чыдамкайлык менен жеңүү деп айткан. Сабыр кылууну эки түрдө алып кароого болот.

Сабырдын түрлөрү

Кырсыкка сабыр кылуу, күнөөлөргө каршы чыдоодо сабыр кылуу жана ибадатты улантууда сабырдуулук көрсөтүү…

Күнүгө беш убак намаз окуу, жылына эң азы бир ай орозо кармоо, белгилүү өлчөмдө зекет берүү жана кулчулукка тиешелүү калган бардык ибадаттар бир гана сабыр кылуу аркылуу аткарылышы мүмкүн. Булар адам баласынын өмүрүн тартипке келтирет жана акыретке карай ыңгайлаштырат. Мындай жашоо толугу менен нурдуу болуп, өмүргө береке кошуп, натыйжада бейишти берет. Ошондуктан адам баласы тиштенип, ибадаттарга сабыр кылуу менен жашоосун нурландырат.

«Сабыр» сөзү менен «сабир чөбү» бир уңгудан келет. Сабир чөбү уудай ачуу болот. Медицинада дары жасоодо колдонулат. Мына сабыр ушул сабир чөбүн иче турганчалык ачуу. Ал эми натыйжасы ар дайым таттуу болот.

Абалды өзгөртүү

Сабыр кылуу, тиштенип чыдоо, бекем туруу, жүүнүн бош кармабоо, күнүгө уулуу окуяларды көкүрөккө сактабоо, албетте, оңой иш эмес. Бирок, булардын бардыгы кырсыктын алгачкы учурунда кылынышы керек. Анткени, жерди өзгөртүү, башка абалга өтүү психологиялык жактан ар убак адам баласынын рухий абалына өзгөрүүлөрдү алып келип, капаланткан окуяларды унуттурат.

Мисалы, бир кырсыкка дуушар болдуңуз дейли. Алгач караганда, бул кырсыкка чыдооңуз мүмкүн эместей… Демек, дароо бул кырсыктан кутулганга аракет кылышыбыз керек. Бул болсо абалды өзгөртүү аркылуу: туруп турган болсок, отуруп, отурган болсок, туруп, же кылып жаткан ишибиздин абалын өзгөртүү, мисалы, даарат алып, намаз окуу, же жок эле дегенде, сүйлөп жаткан темабызды өзгөртүү, же турган жерибизден башка жакка кетүү аркылуу, башка атмосферага баш калкалоо аркылуу мүмкүн болот. Кээде бир аз уктоо шокту өткөрүп жиберүүгө жетиштүү. Кайсы түрдө гана болбосун, абал, же жайда кылынган бул өзгөрүүлөр шоктун таасирин сындырып, чыдоого мүмкүн эмес болуп көрүнгөн кырсыкты аз да болсо жеңилдетет.

Сабыр ибадаттарды улантууда да абдан зарыл. Алгачкы ирмемде жаңы намаз окуп баштаган киши үчүн бул ибадат абдан оор келиши мүмкүн, бирок бир аз сабыр кылып, руху намаз менен бириксе, бир убакыт намаз окубоо ал киши үчүн дүйнөнүн эң чоң азабы болуп калат. Орозо, зекет, ажылык сыяктуу ибадаттар үчүн да ушул эле нерселерди айтуу мүмкүн.

Ажылык сыяктуу машакаттуу бир ибадатты бир жолу аткаргандар жыл сайын баруу үчүн жанталашып калышат. Ал тургай ажылардын санына коюлган чек аларды жиндиге айлантат. Мынчалык ибадат сүйүүсү, бир өңүттөн алганда, анын алгачкы оордук шогун өткөрүп жиберүүсү дегенди билдирет. Бул дээрлик бардык ибадаттарда ушундай.

Адам баласы арамга каршы ошол эле сабырдуулук менен жооп берүүгө тийиш. Күнөө алгачкы ирет таасир бергенде, көрсөтүлө турган каршылык андан келе турган жаман таасирлерди сындырып, киши ошол шокту ушинтип өткөрүп жиберет. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз Азирети Алиге: «Алгачкы кароо пайдаңа, калганы зыяныңа.» — деген. Тагыраак айтканда, кишинин көзү күнөөгө кайып кетиши мүмкүн. Бирок ал дароо көзүн жумуп, жүзүн башка тарапка бурса, бул ал үчүн күнөө болуп жазылбайт. Ал тургай арамды карабаганы үчүн ага сооп жазылышы да мүмкүн. Бирок экинчи жана кийинки кароолор уулуу ок сымал адам баласынын жүрөгүнө жана рухуна сайылып, кишинин кыялдарында бүдөмүктөрдү пайда кылат… эрки рухий күч-кубатын жоготот. Анткени ар бир арамды кароо, бир өңүттөн алганда, арамга кирүү жолдорун жеңилдеткен «чакыруу билети» сыяктуу. Андыктан ар бир кароо башка бир кароону чакырат… анан ал киши арамга ачылып, кайтышы кыйын болгон жолго түшөт. Мына ушул абалга келээрден мурун, арам алгачкы ирет таасир бергенде, сабыр кылып, арамдан жүз буруу, арамга каршы көздөрдү жумуу мына ушулар Алланын Элчисинин (с.а.в.) бизге сунуштаган алтын насааттары.

Эпиктетостун момундай бир сөзү бар: «Жаман кыялдар сени кыялдарыңан кармаганда, алгачкы мүмкүнчүлүктө оолактоого аракеттен. Антпесең, алпарылган жериңен кайра кайта албай каласың.» Анын бул сөзүндө да илхамдын белгилери бар. Эгерде ал Алланын Элчисинен (с.а.в.) кийин жашаганда, сөзсүз түрдө илхамын Алланын Элчисинен (с.а.в.) алганын айта алмакпыз…

Киши арамга каршы ушундай мамиле кылып олтуруп, бул анын мүнөзүнө айланып калат. Анткени, кылган көнүгүүлөр менен жүрөгүндө пайда болгон ыймандын нуру, тозоктун бир учкуну сыяктуу болгон күнөөлөргө каршы тартылган парда болот. Эми арамды карабоо анын негизги жана табигый жүрүм-турумдарынын бири болуп калат. Карама-каршы бир абал оюна келсе, дароо бармагын жан-дүйнө балчелегиндеги ыйман балына малып, бул бекем ыйман аркылуу даамын таткан ышкынын даамы менен бул рухий атмосферадан оолактаткан бардык нерседен качат. Бул абалда болгон кишинин өз эрки менен күнөөгө кириши мүмкүн эмес.

Кылынган тигил, же бул жакшылыкка карай көрсөтүлгөн ыраазылык маанисине келген шүгүр сөзү, терминологияда, адам баласына берилген сезим, ой-пикир жана дене мүчөлөрүн жаратылыш максаттарына жараша колдонуу деген маанини берет: бул болсо жүрөк жана тил менен аткарыла алгандай бардык дене мүчөлөрү аркылуу да жүзөгө ашырылат.

Тил менен кылынган шүгүр бардык ырыскы-нематтардын Алладан келгенин моюнга алып, кабылдоо аркылуу жүзөгө ашат. Ырас, бардык жакшылыктарды, сонун нерселерди берген жана анын себептерин баштан-аяк даярдаган Алла болгондой эле, маалында жөнөткөн да Алла. Тагдыр кылып, бөлүштүргөн, убактысы келгенде жаратып, самавий дасторкондор түрүндө алдыбызга жайган Алла болгону үчүн, натыйжада шүгүрчүлүк Анын акысы. Аны көрбөмүшкө салып, себептерге байлануу, ал тургай шүгүрдү аларга кылуу, даярдалып алдыбызга чейин алып келинген бул дасторкондун даярдалышын жана аны даярдаганды эске албастан, алдыбызга алып келген жөнөкөй кызматчыга ырахмат жаадырууга окшош: «Алар дүйнө жашоосун бир гана өздөрүнө тиешелүү болгон тышкы жүзүнөн билишет, акыретке караган жүзүнөн толугу менен кайдыгер.» (Рум/7). Ооба, булар – бир гана тышкы себептерге карап, илими жана маарифат өңүтүнөн караганда андан аркы жагын көрө албаган караңгы-түркөйлөр, наадандар.

Жүрөк менен кылынган шүгүр – бул, тышкы жана ички бардык нематтарды, бул ниматтардан пайдаланууну Алладан деп билип, жашоосун бул түшүнүккө карай калыптандырышы… ошол эле учурда бул тил жана дене мүчөлөрү менен кылынган шүгүрдүн өзөгүн түзөт: «Ал жашыруун-ачык нематтарын мол түрдө силерге ихсан кылган» (Лукман/20) баяны анын ички жүзүн, «Алланын нематтарын саноого аракет кылсаңар, санап түгөтө албайсыңар.» (Ибрахим/34) аяты болсо анын сан жеткис экенине ишаарат кылууда. 

Дене мүчөлөрү менен кылынган шүгүргө токтолсок, ал – бардык дене мүчөлөрүн жана ар бир сезимди жаратылыш максатына карай колдонуу жана аларга таандык кулчулук милдеттерин аткаруу.

Мындан тышкары, тилдин шүгүрүн «авраад у азкар» (Алланы зикир кылуу), жүрөктүн шүгүрүн «йакин» жана туура жол, дене мүчөлөрүнүн шүгүрүн болсо «ибадат у таат» түрүндө чечмелегендер болгон. Анын ушундай бүтүн бир ыйман жана ибадат аткаруу себептүү, Ага ыймандын жартысы катары карап, сабырдуулук менен бирге карашкан.

Алла Куранда көп жолу шүгүр жөнүндө айткан жана: «Эгер шүгүр кылсаңар, мен нематымды арттырамын, эгер наадандык кылсаңар, билип койгула, азабым абдан катаал!» (Ибрахим/7) деген аяты менен шүгүр кылгандарга сыйлык иретинде, нематка наадандык кылгандарды жазалайм деп катуу эскерткен. Мындан тышкары Ал өзүн «Шакуур» деп, бардык нематтардын негизги булагына жетүү жолун шүгүргө байлаган жана мунун каармандарынын бири Азирети Ибрахимди: «Анын нематтарына шүгүр кылуучу эле» (Нахл/121) сөзү менен; Азирети Нухту: «Калетсиз ал шүгүр менен отуруп турган садык пенде эле» (Исра/3) баяны менен кубаттаган. Шүгүр маанилүү бир иш жана кымбат сармая (капитал) болгонуна карабастан, «Кулдарымдан шүгүр кылгандары абдан аз.» (Сабаъ/13) түшүнүгү боюнча, чыныгы мааниде аткаруучусу анча көп болбогон бир иш. Чынында: «Роббиме көп шүгүр кылган бир кул болбоюнбу?» сезими менен күйүп-жангандар жана бүткүл өмүрүн шүгүрчүлүк менен өткөргөндөр да бар, бирок баары бир сан жагынан алганда алар бир топ эле аз.

Ырас, адамзаттын мактанычы болгон шүгүр каарманы баасы абдан кымбат, аткаруучусу абдан аз мындай маанилүү иштин эң алдында болчу. Ал отурса да, турса да шүгүр кылып, жанына келгендерге шүгүр кылууну сунуштачу: «Аллахым! Сени эстеп, Сага шүгүр кыла алуум үчүн, Сага ибадаттардын эң жакшысын кыла алуум үчүн, мага жардам бер». Бул анын эртели-кеч оозунан түшүрбөгөн нурдуу сөздөрүнөн болчу.

Шүгүр нематка жеткендин аны бергенге карата эки бүктөлүп, дуба кылышы, сүйүү менен Ага жүз бурушу, ээ болгон бардык нерселерин моюнга алышы болсо, жогорудагы пайгамбардын сөзү бул негиздердин эң кыска жана нуска баяндоосу деп саналат.

Кээ бири тапкан нанына, ээ болгон бала-бакырасына жана баш-калкалар үйүнө, ден-соолугуна, кээ бири дагы бир кадам илгери таштай ыйманга, ирфанга, руханий жыргалдарга, кээ бири болсо алкоо-мактоо алуу аң-сезимине шүгүр кылат. Бул акыркысы менен адам баласы алсыздык, жардылык жана жетишпестиктерин капитал катары колдоно алат жана шүгүр кылуу салих алкакка кирсе, чындап шүгүр кылуучулардан болот. Бир хадисте айтылгандай, Давуд алейхиссалам Алла Таалага: «Йа, Робби! Сенин шүгүрүңдү кантип кыла алам, Сага шүгүр кылуум да шүгүр келтирүүнү талап кылган өзгөчө бир немат!» — дегенде, Алла Таала: «Мына эми толук шүгүр келтирдиң!» — деген. Мен ойлойм: «Эй, ар тилде машкуур? болгон Аллахым, Сага татыктуу түрдө шүгүр кыла алган жокпуз» — сөзү аркылуу айтылгысы келген нерсе – мына ушул.

Чыныгы шүгүр нематтын толук билиниши аркылуу жүзөгө ашат, анткени нематтын булагы жана аны бергендин бааланышы чоң өлчөмдө нематтын билинишине караштуу. Нематтын билинишинен анын кабыл кылынышына, андан Алла Таалага жүз бурууга кеткен сызыкта ыйман жана исламдын даярдоосу, Курандын аныктамасынын үстүндө ар убак токтолуу мүмкүн. Ырас, Алланын бизге берген жакшылыктары ыймандын жарыгы астында жана исламдын буйруктарын аткарууда дагы да белгилүү болуп, такталат, сезилет жана Алла тарабынан алсыздыгыбызга, жардылыгыбызга жана муктаждыктарыбызга карай эч нерсе сурабастан, бекер берилгени байкалат, бул болсо ал жакшылыктары менен лутуфтарды? берген Затка карата биздин мактоо-алкоо сезимдерибизди козгойт жана «Эми Роббиңдин нематын айткын!» (Зуха/11) чындыгына ылайык биз буйрулган шүгүр кылуу милдетин рухубуздун түпкүрүнөн оргуштап чыккан бир сезим менен жүзөгө ашырабыз.

Чынында ар бир кишиде нематка жана нематты бергенге карата жакшы көрүү сезими бар. Бирок бул сезимдин туура багытка салынышына чейин деңизде жашаган балык сымал башынан бутуна чейин жааган нематтарды сезбейт. Аларды айланасындагы жөнөкөй себептерге ыйгара салат… эгер чөйрөбүздөгү нематтерды көрбөөнү сокурдук, дүлөйлүк жана сезимсиздик десек, биз ээ болгон мынчалык көп нерсени сокур, дүлөй жана сезимсиз себептерге ыйгаруунун бузукулук экенинде шек жок. «Адамдарга рахмат айтпаган Аллага да шүгүр келтирбейт.» сөзү абсолюттук шүгүрчүлүктүн маанисин эстетет: «Бир мага гана шүгүр кылгыла жана наадандык кылбагыла!» (Бакара/152), же «Бир Ага гана кулчулук кылгыла жана Ага шүгүр келтиргиле.» (Анкабут/17) сыяктуу аяттар болсо чыныгы тавхидди эстетет.

Мындан тышкары, шүгүрдүн өзөгүн түзгөн негиздерди өңүтүнөн алганда, үч бөлүмдүн ичинде карасак болот:

1. Бардыгы тарабынан немат экени кабыл кылынган, авам-хавас? (түшүнүксүз), муслим-гойримуслим: бардыгынын сүйүп, арзуу кылган нерселерине карата болгон шүгүр. Бул түшүнүктүү, ага анча токтолуунун кажети жок.

2. Тышкы көрүнүштө кээ бир жагымсыз нерселерге карата болгон шүгүр: бул тышкы жүзү өңүтүнөн алганда оор, аткарылышы кыйын жана бир гана окуялардын парда артындагы нерселерге ээ боло алгандарга Алланын мээрими.

3. Жашоосун сүйүү жолунда өткөргөндөрдүн шүгүрү: алар нематтерды дайыма нематтерды бергенге карап, Анын улуктугу менен лутуфтарды? (түшүнүксүз), жакшылыктарды сезет. Кулчулуктары, жан-дүйнөлөрү сүйүүгө толуп-ташып, Алла менен таттуу байланышта болушат.

Мындайлар дайыма ээ болгон ыйык берекелер менен ар убак башкача түскө бөлөнүп, жолдоруна дагы да тереңдей улантышат.

Даярдаган: Баткен казыятынын басма сөз катчысы Фурхат Авлиёев