Ноокен районундагы “Арал” мечитинде заманбап даараткана курулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Арал айыл аймагынын имамы Мелисбек Кадырбековдун демилгеси менен  «Арал» жума мечитинин дааратканасы бардык шарты менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди. 

Анын айтымында, курулушка 98 000 сом акча каражаты жумшалган. Бул каражатты жергиликтүү тургундар тактап айтканда, 1983-жылы туулган айыл жаштары демөөрчүлүк кылган.

“Кышка карата мечит жамаатты жылуу суу, ыңгайлуу шарт менен камсыз кылуу максатында, айылыбыздын демилгечи жаштары заманбап даараткана куруп беришти. Мечитибиз буюрса кышка толук даяр”,-дейт Мелисбек ажы.