Аял менен эркектин үй-бүлөдөгү орду

Аялдарга болгон жоопкерчилик эркектерге жүктөлгөндүгүнө байланыштуу эркектер ар дайым аял затын бешиктен кабырга чейин кадырлап кастарлап калкалап жүрүүсү милдеттендирилет. Ошондуктан үй-бүлөдөгү аял менен эркек шарыят көрсөткөн чектен чыкпай ар кимиси озунун ордун толук билгенде гана бактылуу жашоо болот. Шарыят белгилеген төмөнкү милдеттер так аткарылса ал үйдө чыр чатак болбойт жана береке келет.

Ал милдеттер:

1. Баарынан мурун аял менен эркектин ортосунда сүйүү жана бир бирине ишенүү болуш керек.

2. Эркек үй бүлөсүнүн тамак ашы, кийим кечеси, жана башка муктаждыктары учун талыкпай эмгектенүүсү шарт жана тапканы адалдан болуп зынаадан алыс болуш керек.

3. Эркек аялына сылык жана жумшак мамиле кылып, орой корс болбой ар дайым Жараткан аялды аманат кылып бергендигин эстеп туруш керек. Ошондой эле аманатка кыянат кылган адам анын азабын тартып кор болгон абалда каза булуусун жакшы билиш керек. Ошондой эле кыйшык кабырганы күчкө салып түздөөгө арекет кылса сындырып алуусун ойлош керек.

4. Аял киши күйөөсүн чын дили менен берилип сүйүп,аны терең урматтап, үй тиричилигинде жана балдарды тарбиялоодо күйөөсүнө жардам берууго тийиш.

5. Аял киши сарамжалдуу болуп, күйөөсүнүн тапкандарын ысырап кылбай, жашаган уйун дайма таза кармап, күйөөсүн алы жетпеген нерселерге мажбурлабаш керек.

6. Аял киши уй жайына байыр алып, аялдык ар намысын бекем сактап, куйосунун козуно чөп салбаш керек.

7. Аял кишинин баардык кыймыл арекети, журум туруму, жашоосу күйөөсүнүн уруксаты жана көзөмөлү о.э ыраазычылыгы менен болушу кажет.

8. Баардык жагынан камсыз кылган күйөөсүн нараазы кылып тапканына ыраазы болбогон аял Бейишке кире албашын билиш керек.

9. Күйөөсүнүн уруксатысыз үйдөн чыгып кеткен аялдын арбир кадамына Периште каргыш айтуусун эстеп, каргыш тийген аялдын келечеги жакшы болбостугун билиш керек.

10.Үй бүлөдө аял эркек качан ыксыз ысырапкерчиликти алдын алганда, пендеден эмес Жараткандан намыстанганда, уул кыздарынын

келечегин ойлогондо бекем жана бактылуу үй бүлө курулаарын билиш керек.

Демек урматтуу окурмандар жалгыздык Жаратканга гана жарашкандай адамзат тапканы берекелуу, кылган ибаадаты кабыл болгон, төгөрөгү төп келген жашоо бул үй-бүлө куруу жана ошол үй-бүлөнү сактап калуу менен келерин билишибиз керек. Ошондуктан сабырсыздык кылып болор болбогон себептер менен ажырашууга жол ачпайлы. Үй бүлөнүн пайдубалын бекем сактап калуунун арекетин эн биринчи аялдын жоопкерчилигин мойнуна алган ошол уйдун кожоюну эркек киши айла амалын таап сактап калуусу кажет.

Уй-бүлөлөрдүн биригишинен эл пайда болот. Үй-бүлөдөгу аял эркек бактылуу болуп, ынтымакта биримдикте жашашса ошол эл куч кубаттуу болот.

Үй бүл — бир элди эл кылган улуттук жана руханий нарктар, салт-санаа жана үрп адаттарды үйрөтүүчү мектеп болуп эсептелет. Жаратканды жана мекен алдындагы милдеттерибизди алгач ушул мектептен үйрөнүшүбүз керек. Мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз жакшы пайдубалы бекем үй бүлө куруу менен башталаарын билишибиз керек.

Даярдаган: Баткен облусунун казысынын орун басары: Н.Мамасабиров