Ата-энеге кызмат кылуу

Бул макалабыз ата-энени сыйлоо, аларга кызмат кылуу туурасында болмокчу. Ата-эне биздин бул дүйнөгө келишибизге себепчи болгон адамдар, ошондуктан ата-энелерибизге ар дайым жакшы мамиле жасап, аларга жан-дилибиз менен кызмат кылуу негизги милдетибиз болот.

Динибиз ата-энени сыйлоо, аларга жакшы мамиле жана кызмат кылууну буюрат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Абу Дарда (р.а.) аркылуу келген хадисинде мындай деген: Ата-эне адамдын бейишке кирүүсүнө себепчи болгон негизги эшиктердин бири. Бул эшиктен кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуу жана пайдалануу сенин колуңда (Тирмизий, бирр.3.)

Ошондуктан, Аллахка болгон мусулмандын милдетинен кийинки эле эң жогорку милдет болуп бул инсандын ата-энеге болгон милдети экенин эске салалы, Башкача айтканда Аллахка ширк кошпой ширктен тазалап, ажыратуудан кийинки эле пенденин милдети ата-энесине жакшылык кылуу экенин Аллах Ыйык Куранда буйрук кылган.
Жана Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буюрдук. Анан эгер сенин ата-энең өзүң билбеген бир нерсени Мага шерик (кудай) кылышына сени кыйнап-кыстачу болсо, аларга моюн сунбагын. (Аль Анкабут сүрөсү 8-аят)

Азыркы заманда биз акылга сыйбаган нерселерди көрүп жатабыз, айланабызда  аталарын ооруканаларга, карылар үйүнө таштап кетип жаткан балдарды, энелерин карылар үйүнө калтырып, ата-энесин таштап кетип жаткан балдарды көрүп жатабыз бул Исламда өтө чоң күнөө болуп саналат.Ошондой эле кыргыз калкынын үрп-адат каада салтына да туура келбеген көрүнүш болот. Илгертеден салтыбызда карысы бардын ырысы бар деп улгайган ата-энеге жакшылык  кылууда Жараткандан ырыскы, берекет келерине ишеним менен кызмат кылган. Салтыбызда үй-бүлөнүн эң кичүүсү ата-энени караш керек деген түшүнүк бар, негизи динибизде ата-энеге бардык балдары кароого жана кызмат кылууга милдеттүү.

Урматтуу биртууган! Ата-эне сени менен менин жаралышыма себепчи инсандар. Бала дайыма ата-энесинин кызматына даяр болушу керек

Аларга сылык мамиледе болуу, баш ийүү, айткандарын (күнөө иштерден башкасын) орундатуу, дайыма жардам берип туруу керек. Себеби, алар карыганда балдарынын кызматына муктаж болуп калат.

Динибизде бул боюнча төмөнкүчө буюрат: Эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебегин, аларды(н сөздөрүн) кайрыбагын жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөгүн (Аль Исра сүрөсү 23-аят)
Биз аркы дүйнөдө бейишке кирүүнү кааласак, анда бул дүйнөдө ата-энелерибизге кызмат кылалы, аларды көзү барда сыйлай билелик. Ата-эне биз үчүн суукка жана ысыкка чыдады, түн уйкусун бөлдү, эми биз чоңоюп бардык жакты өзүбүз кылгандай болуп, ата-энеге сөз кайтарабыз, аларга акыл үйрөтөбүз, аларды зекийбиз, аларды тартипке салабыз. Бирок заман андай эмес, сен ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, ошону балдарыңдан көрөсүн. Ата-эне балдары үчүн жанын да аябай кызмат кылат.  Бир от өчүрүүчү мындай окуяны айтып берген, ошол окуяга көңүл бөлүп угуп тургула. Бир үй катуу өрттөнүп жатат деген кабар от өчүрүүчүлөргө жетип, алар шаардын ошол кырсык болгон бөлүгүнө барышат. Барсак үй күйүп бүтүп калган экен. Суу чачып, оттун калганын өчүрүп, үйгө кирип адамдар калганбы жокпу деп издеп баштап, кичинекей үч баласы менен үйдүн ээси болгон аялды таптык. Мындай убакта, биз, көбүн эсе оттон качып, оттон кутулууга аракет жасап, шашкалактыктын кесепетинен адамдарды үйдүн ар кайсы жеринен тапчу элек. Бул жолу эмес. Бул жолу үч чиедей баласын өзүнүн денеси менен жаап, ымыркай балдарын өз денеси менен коргоп өлгөн эненин денесин таптык. Балапандарын коргоп канатынын алдына каткан чымчыктай болуп, эне балдарын өз денеси менен жапкан экен. От адамды жылууга мажбур кылат, денесине от тийгенде көпчүлүк адамдар денеси куйкаланып баштаганда алдастап ары чуркап, бери чуркап кутулуу издейт. Бирок, ошол от, бул энени ордунан жылдыра алган эмес. Далысын от аёсуз аймап, куйкалап жатканына карабай эне балдарын оттон калкалап жатып күйүп өлгөн. Албетте, энелер ушундай болот.

Ыйык Куранда Алла Таала мындай деген:Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «Оо, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!» ( Аль Исра сүрөсү, 24-аят).

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: Эгер кимгедир сажда кылуу керек болгондо, баланы ата-энесине, аялды күйөөсүно сажда кылуусун буюраар элем. Ата-энеге болгон милдетти айтып бүткүс. Угуп, билип гана койбой ошолорду аткарсак жакшы. Кудайга сыйынуу менен Анын ыраазычылыгын Аллах ата-энеге жакшы мамиле кылуу менен байланыштырат. Жана Улуу Жараткан Аллах ата-энеге одоно сөздөрдү айтууга жана орой мамиле жасоого тыюу салды, алардын ыраазычылыгын жана Аллахтын ыраазычылыгын алуу үчүн аларга жалаң гана жакшы сөздөрдү айтууну жана аларга тиешелүү мамиле жасоону буюрду. Ислам энелерге өзгөчө зор урмат көрсөтөт, анткени ал эркектен алсызыраак жана сезимдер менен кайгы-капага көбүрөөк кабылат, анын жүрөгү атанын жүрөгүнө караганда көбүрөөк тынчсызданат. Аллах бизге энелерге кандай мамиле кылышыбыз керектигин жана аларга Жараткан Өзү кандай ролду ыйгаргандыгын түшүндүргөн, анткени чындыгында Мухаммед Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ): «Бейиштин ачкычы энелердин таманынын алдында» деген (ан-Насаи).

            Эми сен ойлончу ата-энеңе кандай соопчулук, аларга жага турган иш жасадың? Мейли, алардын көзү өтүп кеткен болсо, сенин берген садагаң, сенин ата-энең үчүн кылган дубаларың, сенин такыба жашооң албетте аларга өз сообун тийгизет.

 Ким деп сенин атаң жумушта иштеп жүрөт болду экен, ким деп сенин атаң бөтөн элде жер шыпырып иштеп жүрөт, ким деп сенин атаң милициядан качып жүрөт, ким деп сенин атаң күндөп-түндөп суу сугарып жүрөт, сен ушу тууралуу ойлодуң беле? Ким деп сенин энеңдин чачын ак басканын, ким деп энең уктабаганын, ким тууралуу санаа тартып көзү жашка толгонун ойлонгонсунбу ? Ким үчүн?

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өз хадисинде: “Алла Тааланын ыраазылыгын табуу, ата-эненин ыраазылыгын табууда турат. Алла Тааланын ачуусун табуу ата-эненин ачуусун келтирүүдө турат” — деген.

Ошондуктан ата-энелерибиздин ыраазычылыгын, дубасын алып, аларга кызмат кылып жашайлы.

Даярдаган: Баткен казыятынын иш башкармалыгы Абдусаттар ажы Жакыпов