Баткенде 2021-2026-жылдарга карата диний концепция талкууланды

Кечээ, 3-ноябрда Баткен шаарындагы «Алтын Каз» кафесинде 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын  долбоору талкууланды.

Ага КРнын ДИМКнын директору Заирбек  Эргешов,  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары  Жоробай ажы Шергазыев казыят, хатибият кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйында 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепцияны жыйынтыгы жана жаңы  диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын принциптери жана максаты, багыттары, аталган концепцияны ишке ашыруу талкууланды.  

Иш-чаранын жүрүшү суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар жаңы  концепциянын кабыл алынышына карата бир катар сунуштарын беришти.