Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды

Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Жалал-Абад казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү.

Жыйынга казыяттын кызматкерлери, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун баш имам хатибдери катышты.

Азирети Муфтийдин орун басары жыйында төмөнкү маселелерге токтолду:

  1. Казыят кызматкерлери  бекитилген убакытта жумуш ордунда болуу;
  2. Ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
  3. Мечиттерде жана коомдук жайларда санитардык сактык эрежелерин так сактоо;
  4. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка мекемелер менен активдүү кызматташуу;
  5. Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу.

«Дин кызматы бизге берилген аманат. Кандай кырдаал болбосун милдетибизди так аткаралы. Ислам динибиздин асыл баалулуктарын, адеп-ахлакты, шарияттын эрежелерин коомчулукка  жайылтып, кайрымдуулук иш-чараларды жүргүзөлү»,-деди Жоробай ажы.