Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургундары Нарын медресесине жардам көрсөттү

Күздүн кирип келиши менен Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын жергиликтүү тургундары Нарын медресесин колдоо максатында өз ыктыяры менен күзгү түшүмдөн үшүр жыйнап беришти. Бул тууралуу Ат-Башы районунун хатибиятынан билдиришти.

Хатибияттан билдиришкендей, Ат-Башы районунун хатибиятынын кызматкерлери жана айылдагы имамдар аталган айылга барышып, кайрымдуулук кылган тургундардын берген түшүмдөрүн жыйнап келишти. Үшүрдүн көпчүлүгү картошка болгондуктан, ал азыктар Нарын медресесинин студенттеринин тамак-ашына керектелмек. Ошондой эле аз камсыз болгон муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө таратылып берилмекчи.

Мындан сырткары Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Кочкор жана Жумгал райондорунда дагы райондук хатибияттар, Нарын медресесинин мугалимдери жана студенттери тарабынан үшүр жыйноо иштери дагы жүргүзүлүүдө.

Үшүрүн берип, милдетинен кутулган, жардамдашып, кайрымдуулукка умтулган замандаштарга ыраазычылык билдиребиз!