Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Афганистандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдул Мажид Каргар менен жолугуштуп, кызматташууну талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Афганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдул Мажид Каргар менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирип, эки өлкөнүн достук алакалары боюнча пикир алышты.

Афганистандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Азирети Муфтийге ыраазычылыгын билдирип, кыргыз элинин меймандос экендигин баса белгиледи.

«Кыргызстанга келип эки нерсени байкадым. Кыргыз элинин жүрөгүнүн жана абасынын таза экендигин»,-деди Абдул Мажид Каргар мырза.