Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын.
Адам баласы күнүмдүк жашоо үчүн тамак-ашка муктаж. Тагыраагы организм оокат-ашты талап кылат. Ал үчүн пенде эмгек кылып, Алла Таала тараткан ырыскысын табышы керек. Ыйык Куран-и Каримдин Нажм сүрөсүндө адам кылган эмгегинин акыбетин көрөрү айтылган:
وَاَنْ لَيْسَ لِلْاِنْسَانِ اِلَّا مَا سَعٰى ﴿٣٩﴾
وَاَنَّ سَعْيَهُ سَوْفَ يُرٰى ﴿٤٠﴾
«Ар бир инсанга жасаган жакшылыгы гана болот. Албетте анын эмгеги, натыйжасы жакында көрүнөт».[1]
Аятта кишинин бул дүйнөдөгү кылган иш-аракеттеринин акыбетин акыретте көрөрү айтылууда. Ошону менен бирге эле, бул дүйнөдө адал эмгек менен нан табууга да ишаара бар.[2] Демек, кимде-ким тынымсыз эмгек кылса, ишенген-ишенбегенине, мусулман-кайырдин экенине карабай, ага сөзсүз натыйжасы берилет.[3] Себеби, Алланын мыйзамы (Аадатулла закону) баарына бирдей. Эгерде кимдир-бирөө, «Эмнеге мусулмандар жакыр да, каапырлар бай?» – деп ойлосо, анда жаңылган болот. Ким тер төгүп жумуш кылса, Жараткан Алла ошого берет. Ошондуктан момун аманат өмүргө кыянат кылбай, жашоо үчүн эмгектениши кажет. Деген менен эмгектин да жакшы-жаманы, пайдалуусу-пайдасызы, арам-адалы болот. Шариятта кудай таала ыроологон ырыскыны адал жолдон табуу маанилүү исламий принцип болуп саналат…
Бир күнү Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) мечитке келет. Караса мечиттин алдында бир жигит туруптур. Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) тигиден мечиттен чыкканча качырын кармап туруусун өтүнөт. Ал мечитке кирип кеткенде жанагы жигит качырдын жүгөнүн шыпырып алып качып кетет. Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) мечиттен чыгып жатып, жанагы жигиттин кылган кызматы үчүн акча берүүнү туура көрөт да, чөнтөгүнөн 2 дирхам алып чыгат. Бирок качырды кармап турган киши эбак из жашырып кеткен болчу. Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун) жаңы жүгөн алуу үчүн кызматчысын базарга жөнөтөт. Кызматчы бала базардан 2 дирхамга жүгөн сатып алат. Азирети Али жүгөндү көрүп таң калат. Анткени бул өзүнүн жүгөнү эле. Аны баягы ууру кызматчыга 2 дирхамга саткан болчу. Ошондо Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун): «Инсандын ырыскысы өз колунда эмес. Ырыскы кандай болсо, ошондой берилет. Ал азайбайт да, көбөйбөйт. Жанагы киши бир аз күтө турса, адал жол менен 2 дирхам алмак. Бирок, уурулугунун айынан 2 дирхам арам болду. Адам сабырсыздыгы себептүү адал ырыскысын арам кылып алат».[4] Бул икаядан алынчу сабак; мусулман адал жол аркылуу келе жаткан ырыскыны арам жол менен алууга шашпашы керек. Кээ бирлер эл ырыскысына, мамлекет казынасына кол салып, «бул менин ырыскым» деп өзүн алдашы мүмкүн. Бирок чексиз адилеттүү Алланы кантип алдайт?!
Ушул эле маселеге тутумдаш дагы бир жагдайды айта кетүү максатка ылайык. Тагыраагы, ырыскынын арам-адалдыгы боюнча эки ооз сөз. Ахл-и суннанын көз карашында ырыскы адал жана арам деп экиге бөлүнөт. Экөөнү тең Алла берет. Алладан башка кудай жок болгондой эле, Андан башка Раззак (ырыскы берүүчү) да жок.[5] Адам баласы адал эсептелбеген ырыскыга кол узатканы үчүн, же болбосо арам жол аркылуу киреше тапканы үчүн жооп берет. Динибиз дал ушул максатта белгилүү эрежелерди койгон. Момун кишинин дин буюргандай адал мээнет, маңдай тер менен тиричилик кылганы туура. «Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат» дегендей, адал эмгек менен табылган нан даамдуу. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) адал эмгек аркылуу табылган нерсенин абзел экенин айткан:
إِنَّ أَطْيَبَ مَا أَكَلَ الرَّجُلُ مِنْ كَسْبِهِ…
«Адамдын жеген нерселеринин эң жакшысы – адал эмгек менен тапканы…»[6]
Мусулман пендеси «өзүмдүн гана кардым тойсо болсо болду» деп өзүнүн гана башын ойлоп жатып албашы керек. Киши өзүнүн карамагындагы/ жоопкерчилигиндеги адамдарды да камсыздоого милдеттүү. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) карамагындагы адамдарды камсыздоону буюрган:
كَفَى بِالْمَرْءِ إِثْماً أَنْ يُضَيِّعَ مَنْ يَقُوتُ
«Камсыздоого милдеттүү болгондорунан баш тартуу – адамга күнөө катары жетиштүү»[7]
Бир жолу пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабалары менен отурганда кең далылуу жана карылуу бирөө өтүп калат. Отургандардан кээ бирлери, «Оо Расулалла! Бу киши күч-кубатын Алла жолунда колдонсо кандай сонун болмок!» – деп суктанышат. Ошондо Алланын пайгамбары: «Эгер бул адам балдарын багуу үчүн иштесе, анда ал Алла жолунда. Эгер улгайган ата-энесинин муктаждыгын жоюу үчүн иштесе, анда да Алла жолунда. Эгер өзүнүн улуулугу жана жоомарттуулугу үчүн иштесе, анда деле Алла жолунда. Бирок эл көрсүнгө (рия) жана мактаныч үчүн иштесе, анда шайтандын жолунда», – деп айткан жайы бар.[8]
Эгерде адамдын алты саны аман, мүмкүнчүлүгү бар болсо, башкалар үчүн да эмгектенип, муктаждардын муктаждыгын жойгонго не жетсин. Себеби, «берген кол – алган колдон жогору».[9] Момун киши эл-журт үчүн, мамлекет үчүн, керек болсо жалпы мусулмандар жана адамзат үчүн пайдалуу иш жасоого аракет кылышы керек.
Алла Тааланын бардык элчилери ар кандай кесип менен алек болуп, өз турмуштарын өткөргөн. Мисалы, Аз. Идрис тигүүчүлүк менен алек болсо, Аз. Нух менен Аз. Закариййа устачылык менен жан баккан. Аз. Ибрахим, Аз. Худ жана Аз. Салих соодагерлик менен алектенсе, Аз. Дауд өкүмдар болгонуна карабай, өзү башкарган мамлекеттен акы албастан темир устачылык кылып күн көргөн.[10]
Улуу өрнөктүүлүктү көрсөтүп кеткен пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү да кичинесинде чабандык, кийин соодагерлик менен алек болгон. Пайгамбарлыгын жарыя кылгандан кийин да эл катары иштеген. Ал зекетти өзүнө жана үй-бүлөсүнө кабыл алган эмес. Мунун хикматы, балким, адал эмгек, маңдай тер менен өмүр сүрүп, жалпы үммөткө эмгекчилдикти көрсөткүсү келген чыгар… Анас бин Маликтин (Алла андан ыраазы болсун) айтканы боюнча, мадиналык сахабалардын бири муктаждыгын жоюу үчүн пайгамбарыбыздан ар кандай оокат сурап кетет эле. Бир жолу да адаттагыдай бирдеме сурап келгенде сүйүктүү пайгамбарыбыз: «Үйүңдө эч нерсе жокпу?» – деп сурайт. Жанагы сахаба бир төшөнчү жана кесесинин гана бар экенин айтканда, «ошолорду мага алып кел», – дейт улуу Элчи. Буюмдар келгенден соң пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аларды эки дирхамга сатып, бирине үй-бүлөсү үчүн тамак-аш, экинчисине балта алып келишин буюрат. Ал балтаны алып келгенде пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) куттуу колдору менен саптап берип, «Барып отун чогултуп сат, сени он беш күн бою көрбөйүн», – дейт. Мадиналык сахаба тез эле жумушка кызуу киришет. Ал арадан он беш күн өткөндөн кийин 10 дирхам топтойт. Кирешесинин бир бөлүгүнө кийим-кече, калганына азык-түлүк сатып алган эле. Он беш күн илгери муктаждыктан каржалып, үй-бүлөсүн камсыздоого дарамети жетпеген сахабанын жетишкендигин көргөн Расулалла: «Бул (башкаларга көз каранды болбой жашооң) сен үчүн кыямат күнүндө тилемчилик тагы менен келгениңе караганда жакшыраак», – деп билдирген.[11]
Ислам тарыхына көз чаптырсак, айрым пакиза адамдардын дүйнө-мүлктү толугу менен четке какканын көрүүгө болот. Мындай аракетти ашкере байлыктын жамандыгынан качуу катары бааласак болот. Качан мал-мүлк Алланы эстөөгө, кулдук кылууга жана ибадаттарды үзгүлтүксүз аткарууга тоскоолдук жарата баштаса, анда этият болуу керек. Бирок эмгектенүүнү биротоло четке кагуу натуура. Себеби, динибизде эмгектенүү ибадат болуп саналат. Адамдын акырет жашоосунда бактылуу болушу үчүн дүйнө-мүлк кандайдыр бир мааниге ээ. Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн сахабалардын ичинде байлары да бар эле. Алсак, Азирети Усман, Абдуррахман бин Ауф жана Талха бин Зубайр (Алла алардан ыраазы болсун). Мусулман киши бирөөгө көз каранды болбой жашоо менен бирге башка муктаждарга зекет жана садага берүүгө ашыгышы керек. Ал үчүн, албетте, эмгектенүү зарыл.
Мавляна Жалалуддин Руми дүйнө-мүлк менен инсандын абалын деңиздеги кемеге окшоткон. Ал: «Суу кеменин ичинде болсо, анда трагедия. А кеменин алдындагы суу кемеге, кеменин жүрүшүнө жардам берет», – деп дүйнө-мүлктү учу-кыйырсыз деңизге окшотот. Мал-дүйнөгө болгон сүйүү адамдын жүрөгүндө болгон болсо, адамды кыйроого дуушар кыларын эскертет. Сууну сүзүү үчүн каражат катары колдонгон кеме өз максатына жетет. Башкача айтканда, акча чөнтөктө болсо эч нерсе болбойт. Бирок жүрөктө болсо, анда маселе жаралат…
Демек, динибиз дүйнө-мүлккө ээ болууну чанбайт. Тескерисинче, эмгекчилдикке чакырат. Болгону, ээлик кылган нерселерин орду-орду менен тең салмакта колдонбоону гана айыптайт. Динди терең түшүнгөн адам адал эмгек менен баюуну эч качан жокко чыгарбайт. Ырасында бардар момун зекет берүү менен бирге эле өз жан дүйнөсүн ач көздүктөн, дүйнөкорлуктан, дүйнө-мүлккө кул болуудан коргоо менен чектелбей, материалдык көз карандылыктан кутулуп, акыреттеги жана дүйнөдөгү жашоосуна да бирдей кам көрө алат. Ар кандай кирешелүү адал жумуштар Алланы эстөөдөн, намаз окуудан, зекет берүүдөн тосо албашын билип,[12] оо дүйнө менен бу дүйнөнүн тең салмактуулугун сактайт.
Бүгүнкү күндө тилекке каршы, арам жолдор менен эмгектенип, нан тапкандар көбөйдү. Куранда арам деп белгиленген нерселердин кирешеси да арам экени айтпаса деле белгилүү. Ошондой эле ислам дини уурулук, каракчылык, кумар, коррупция, паракорлук, көмүскө базар, сойкулук, соодадагы алдамчылыкты четке кагып, бул жолдор менен табылган кирешелерди арам деп эсептейт. Мындан сырткары азыркы тапта актуалдуу болуп жаткан тармактык маркетинг (сетевой маркетинг), лоторея, кызыл кулактык, жалданып бирөөнү жамандоо (троллинг) жана күнөөгө чакыруучу ар кандай арам кесиптер аркылуу түшкөн кирешелер да адал болуп эсептелбейт. Биз мусулман катары аркалаган кесип, эмгек жана жумушубуздун адалдыгына сөзсүз маани беришибиз керек. Бекерчилик же оңой жол менен жан багууга кызыкпай, маңдай тер менен оокат кылган жакшы. Өзгөчө жаштар «Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан» деген улуу сөздү девиз тутуп, акын Токтогулдун төмөнкү насаат ырына көңүл бурушу керек:
«Дениң соодо эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.
…Өнөрүң болсо, өргө чап,
Кор кылбай, асыл жанды бак.
Эрдин көркү – эл менен,
Эмгегиң менен элге жак!»
Жыйынтыктап айтканда, динибиз буюргандай, адал эмгек менен жан багып, нан табуудан өтөрү жок. Арам жолдордон табылган киреше жукпайт жана арам аралашкан оокат-ашта береке болбойт. Перзенттерибизди арам оокат оозантпай чоңойтуудан өткөн бакыт барбы. Кээ бир адамдар арам болгон нерселерди адал, адалды арам деп жаңылууга барышы мүмкүн. Бул маалыматсыздыктан же айласыздыктан болсо да, түпкүрүндө Куран-и Каримге каршы мамиле болуп саналат.[13] Ошондуктан, Алланын ырыскысын адал жолдордо гана издейли…
Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев
[1] Нажм сүрөсү, 39-40
[2] Диянет иштер башкармалыгы: https://kuran.diyanet.gov.tr/tefsir/Necm-suresi/4820/36-54-ayet-tefsiri
[3] 09.08.2016: https://sorularlaislamiyet.com/insan-icin-ancak-calistiginin-karsiligi-vardir-ayetini-aciklar-misiniz-her-turlu-calismalarda
[4] Суннатулла Бекболат, Мабдаул-кыраат, III бөлүк, 40-41-бб.; Мехмет Бина, 22.08.2017, http://www.hakimiyet.com/hz-ali-ve-rizik-9930yy.htm
[5] Бакиллани, аль-Инсаф-шамила, 1/15
[6] Насаи, Буйуу, 1
[7] Абу Дауд, Закат, 45
[8] Табарани, аль-Муъжамул-авсат, VII т., 56
[9] Бухари, Закат, 18
[10] Hadislerle İslam// Түркия Диянет Иштери Башкармалыгы, Анкара 2011, V т., 39-40-бб.
[11] Абу Дауд, Закат, 26; Ибну Маажа, Тижарат, 25
[12] Нур сүрөсү, 37
[13] Маида сүрөсү, 87