Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» мечитинин терезелери жаңыланууда

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» атындагы борбордук мечитинин имам-хатиби Бакыт Нурматовдун демилгеси менен мечиттин эскилиги жеткен терезелери алынып, ордуна жаңы заманбап терезелерге алмаштырылды. Бул Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбек ажы билдирди.

Анын айтымында, мечитте жалпысынан 14 даана терезе алмаштырылат. Бүгүнкү күндө 6 даанасы орнотулуп бүттү.

 “Мечитибизде көйгөйлөр жаралган болсо динибизге кайдыгер карабаган жергиликтүү шаар тургундары көптөн бери жардам берип келет. Мындан сырткары Кубан Бердибаев аттуу мекендешибиз 1 камаз көмүр түшүрүп берди. Соопчулук иштерине кайдыгер карабаган мекендештердин ишине ийгиликтерди каалайбыз”,-деди Абсатар ажы.