Ош шаарындагы мечиттерде COVID-19 менен күрөшүүдө алдын алуу иштери тынымсыз жүрүүдө

Бүгүн, 18-ноябрь күнү Ош шаарынын «Имам аль Бухари Алай» мечитинде калаа казысы Убайдулла ажы Сарыбаев мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда шаардагы бардык имамдарга жыйын өткөрдү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Э.Шадыханов, мэриянын дин иштери боюнча кызматкери А.Ажибаев, КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы И.Мурзабеков баштаган малекеттик кызматкерлер, күч органдары жана дарыгерлер катышты.

Жыйында Ош шаарынын вице-мэри Э.Шадыханов өлкөдө коронавирус илдети кескин жайылгандыктан улам ооруну алдын алууда Республикалык штаб тарабынан иштелип чыккан санитардык нормалардын алгоритмин так сактоо керектигин баса белгилеп, экстремизмдин алдын алуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жаатында элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин билдирди.

Иш-чара соңунда ар бир мечиттин имамына тийишттүү тапшырмалар берилип, айрыкча COVID-19 менен күрөшүүдө мечитке келген ар бир жаранды бет кап тагынууга, аралыкты так сактоого эскертүүлөрдү, баяндамаларды байма-бай айтып туруусу милдеттендирилди.