Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев мэриянын «Ардак грамотасы» менен сыйланды

Бүгүн, 18-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин «Ардак грамотасы» менен сыйланды.

Сыйлыкты вице-мэр Эмиль Шадыханов Борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитине келип, имамдардын жыйынында тапшырды.

Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген «Ардак грамотада» элдин биримдигин, ынтымагын бекемдөө Убайдулла ажынын салымы чоң экени баса белгиленип, шаарды өнүктүрүүдө дин кызматкерлери дагы кайдыгер карабай күжүрмөн иштерди жүргүзүп жатканы жазылган.