Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзгөн районунда курулган жаңы «Ислам Нуру» мечитинин ачылыш аземине катышты

Кечээ, 17-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында бардык талапка жооп берген заманбап 250 орундуу «Ислам Нуру» мечитинин ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага дин аалымы, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Доолов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Өзгөн районунун башкы имам хатиби Акжол ажы Козубаев, Өзгөн районунун акиминин орун басары Жалал Абдиев, Ош облустук казыятынын эмгек жамааты жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Мечит жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен бардык шарты менен салынган. Мечиттин жанына коноктор үчүн атайын  заманбап бөлмө (хужра), ашкана жана даараткана орун алган.

Ачылыш аземи алгач маркумдардын урматына багышталып Куран окуу менен башталып, андан соң Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Көлдүк айылынын тургундарын жаңы мечиттин ачылышы менен куттуктап, элди биримдикке, ынтымакка чакырды.

«Мечит салуу ыймандуулардын белгиси. Аллага жана акыретке ыйман келтиргендер  салат. Жүрөгүндө ыйманы бар адамдар мечит салууга көмөк көрсөтөт. Мечиттин курулганы бул материалдык нерсе, ал эми мечиттин ишин жандандыруу ушул жерде олтурган жергиликтүү тургундарга көз каранды. Пайгамбарыбыз (с.а.в.)  доорунда азанды уккан 2 түрдүү адам мечитке келе албайт эле. Биринчиси ооруп калган, экинчиси ачыктан мунафык болгондор. Биз ал нерсеге жол бербестен мечит ибадаттын ордусуна, элди ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка чакырган жайга айлансын», — деди Азирети Муфтий.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев мечит салуунун сообуна токтолуп, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

«Жаңы курулган мечиттердин көпчүлүгү чет өлкөдөн, Сауд Араб Падышачылыгынан келген демөөрчүлөр түзчү. Алар курган мечиттердин сообун өздөрү менен кошо ала кетишчү. Бул мечит өзүбүздүн жергиликтүү демөөрчүнүн колдоосу менен салынды. Документ иштерин да өзү чуркап бүтүрдү. Мына ушул мечиттин сообу өзүбүздө калды. Соопту иштерди жасоодо кайдыгер болуп, башкаларга алдырып жибербейли», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.