Ноокен районундагы “Арал” мечитинде эл үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Арал айыл аймагынын имамы Мелисбек Кадырбековдун демилгеси менен «Арал» жума  мечитине келген жарандарга  ыңгайлуу шарт түзүү максатында мечиттин алдыңкы тарабына узундугу  30 метр, туурасы 13 метр болгон чатыр курулууда. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.

Баш имам хатибдин билдирүүсүндө айт жана жума намаздарында эл мечитке батпагандыктан муктаждык жаралган. Курулушка жалпысынан 480 миң сом акча каражаты сарпталмакчы. Курулушту толугу менен Орусияда эмгектенген жаштар жана жергиликтүү тургундар каржылоодо.

“Мечитке келген жарандар үчүн бардык шарттарды түзүүдө аракеттер көрүлүп келет. Элибизден айланса болот. Бардык жаралган көйгөйлөргө жергиликтүү тургундар көмөк көрсөтүүдө”-деди баш имам хатиб.