Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев мечиттерде санитардык талаптарды так сактоодо дин кызматкерлерине тийишттүү тапшырмаларды берди

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев казыят кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, жыйын учурунда бир катар тапшырмаларды берди.

Айрыкча учурда шаарыбызда  эпидемиологиялык абал курч болгондугуна байланыштуу санитардык эрежелерди  жалпы мечиттерде тыкыр көзөмөлгө алуу жана ар бир мечиттин имамына элдин саламаттыгына кам көрүү тууралуу эскертүү баяндарын айтуу тапшырмалары берилди. 

«Шаарыбызда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Акыркы абал боюнча баарыбыз маалыматтардан кабардар болуп жатабыз. Ошондуктан мечиттерде аралыкты сактоо, бет кап тагуу жана башка санитардык талаптарды так сактоону көзөмөлгө алып турушубуз керек. Ден соолук баарыбызга берилген аманат. Ошондуктан аманатка кыянат кылбайлы»,-деди шаар казысы.