Ош облустук казыятында «Адептүүлүккө карай» долбоорунун алкагында бир катар дин кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, белектер берилди

Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында «Адептүүлүккө карай» аттуу  окуу долбоору жыйынтыкталып, долбоордун негизинде иш алып барган кызматкерлер сыйланышты. Мыкты кызмат көрсөткөн окутуучуларга акчалай сыйлык, акыркы үлгүдөгү телевизор жана ыраазычылык баракчалары, Ыйык Куран китеби тапшырылды.

Иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыят кызматкерлери, медресе окутуучулары, мечит имамдары жана долбоордун кызматкерлери катышты.

Сыйлык тапшыруудан алдын белгилүү дин аалымы маркум Чубак ажы Жалиловдун, мурдагы Билим берүү жана илим министри маркум Каныбек Исаковдун урматына багышталып Куран окуу мен башталды. Андан соң Самидин кары Атабаев илим алуунун жана аны башкаларга үйрөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Адептүүлүккө карай» окуу долбоору башка аймактарга дагы өрнөк болууда. Учурда Жалал-Абад жана Баткен обдустарынын айрым аймактарында дагы уланмакчы. Сүйүктүү Мухаммед Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) бир хадисинде: ‟Силердин араңарда эң жакшыңар Куранды  үйрөнгөнүңөр жана үйрөткөнүңөр”. Бүгүнкү күндө силер жер-жерлерди кыдырып элге талыкпастан шарият илимдерин үйрөтүп келесиңер. Баскан кадамыңарды, берген илимиңерди Аллахым кабыл кылсын», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Бул долбоор 2017- жылдын 1-январынан тартып Ош облустук мусулмандар казыятынын алдында уюштурулуп, ушул жылдын март айында аяктады. 

Долбоордун жетекчиси Мустафа Абдиевдин маалыматына ылайык, окутуу Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат жана Алай райондорундагы мечиттерде уюштурулду. Анда жалпысынан шарият илимдеринен болгон Ыйык Куран китебин тажвид эрежелери менен окуу, фыкх, адеп-ахлак, ж.б Ислам дининин негизги баалуулуктарын үйрөнө алышты.

Бул долбоор жергиликтүү кайрымдуу инсандар тарабынан колдоого алынып, ага жалпысынан 5500000 сом акча каражаты сарпталды.

«Адептүүлүккө карай» окуу долбоору облуска караштуу Чоң-Алай жана Араван райондорунан сырткары дээрлик бардык аймактарда жүргүзүлдү. Максатыбыз элге шариятты, Ислам дининин асыл баалуулуктарын туура жеткирүү. Бул окууга жалпысынан 3000 миңге жакын мекендешибиз катышты. Алардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Арасында Куран окууга ынтызар болгондор көп»,-деди долбоордун жектекчиси Мустафа Абдиев.