Ысык-Көл облусунда “Ысмайыл-Ата” мечити колдонууга берилди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында жаңы мечиттин ачылышы болду. Ага аталган райондун  баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу, айыл тургундары, имамдар,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышты. Саамалыктын алкагында бир добуштан  мечитке  “Ысмайыл-Ата” деген аталыш ыйгарылып, салтанаттуу түрдө колдонууга берилди.

“Жаңы мечит болжол менен 100 кишиге ылайыкталып салынды. Анын курулуш иштерине   “Катар Хайрия” кайрымдуулук фонду каржылык көмөк көрсөтүп, жалпы жонунан 2 миллион 2 жүз миң сом бөлүп берген. Ошондой эле жергиликтүү эл тарабынан да   500 миң сомго чукул акча чогултулуп,  даараткана, хужуркана салынды жана мечиттин айланасы курчалды”, — деди Талантбек Акылбек уулу.

Ошондой эле баш имам хатиб Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында медресе курулганын айтып, ал жерге жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар ыкмасы аркылуу атайын кампа салынып жатканын дагы кошумчалады.