Ак-Талаа районунда ишембилик өттү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ак-Талаа мечитинде  жума күнү ишембилик болуп, мечиттин айланасын тазалап, жыйноо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев   билдирди.

Анын билдиргенине караганда, ишембиликке жергиликтүү жамаат катышып, мечиттин короосундагы таштандылар менен чөп- чарлардын калдыктары толук түрдө тазаланган.

«Дал ушундай тазалоо иштерин жүргүзүүгө райондун башка мечиттеринде да тапшырмалар берилип, ишембилик өткөрүү жоопкерчилиги мечиттин имамдарына жүктөлдү. Тазалык бул мусулмандын негизи сыпааттарынан. Андыктан баарыбыз өзүбүз жашаган аймакты таза кармасак коомубуз дагы таза болот»,- деди баш имам хатиб.