КМДБнын түзүмүндөгү казыяттардын маалымат катчылары атайын окуудан өтүштү

Кечээ, 14-ноябрда КМДБнын түзүмүндөгү Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустары менен Бишкек шаарынан казыяттардын маалымат катчылары менен жамааттык лидерлер катышкан окутуунун биринчи 3 күндүгү жыйынтыкталды.

Аталган окутуу Европа биримдигинин каржылоосунун негизинде Internews эл аралык уюму ишке ашырган «Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү» аттуу долборунун алкагында, жергиликтүү «Журналисттер» коомдук бирикмесинин уюштуруусунда Бишкек шаарында өткөрүлдү.

Катышуучулар 3 күндүн ичинде телефондон кайсыл программа менен видео, фото сүрөттү кантип тартуу керек, аны кантип иштетсе болоорун, тартылган видеону смартфондо кайсыл программа менен топтошту өздөштүрүштү. Муну менен катар контенттин түрдүү аянтчаларга ылайыкташтырылышы жана онлайн-офлайн кампанияларды иштеп чыгуу жана өткөрүү менен коомчулукту кабардар кылуунун тажрыйбасы туурасында кошумча маалыматтарга ээ болушуп, өз тажрыйбаларында үйрөнүштү.

Окуу аягында катышуучуларга эмки окууга чейин тапшырмалар берилди. Кийинки 3 күндүк окутуу декабрь айына мерчемделген.

Окутуунун тренерлери: медиа эксперт жана «Журналисттер» КБнин мүчөсү Марат Токоев, медиа эксперт Асыл Осмоналиева жана «Журналисттер» КБнин төрагасы, медиа тренер Марс Тулегенов.