Нарын облусунун мусулмандар казыятынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

13-ноябрь,   жума күнү Нарын облустук казыятынын айаланасында ишембилик уюштурулду. Ага казыят кызматкерлери жана Нарын медресесинин мугалимдери, Нарын шаарындагы борбордук «Азирети Али» мечитинин жамааты катышты.

Ишембиликте мечиттин айланасы  ирээтке келтирилип, арыктарды  тазалоо менен биргеликте чогултулган таштандылар чыгарылды.

Мындан тышкары, Нарын шаардык хатибияты Нарын шаарындагы бардык  мечиттердин айланасы ишембилик учурунда тазаланды.

Ишембиликке Нарын шаарынын тургундары дагы карап турбастан көмөк көрсөтүштү.