Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Нарын облустук казыятынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

13-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Нарын облустук казыятына жасаган иш сапарынын алкагында кызыяттын эмгек жамаатына жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйында Жоробай ажы Шергазиев Аялдар борборунун иштерин жакшыртуу, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда окутууларды уюштуруу,  жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруу, өлкө аймагындагы коронавируска карата сактык чараларын күчөтүү жана башка маселелер боюнча тапшырмаларды берди.

“Казыяттар эл менен тыгыз иштеши керек. Имамдардын дагы диний сабаттуулугун жоюу боюнча дагы иш токтоп калбашы зарыл. Аялдар арасында шарият боюнча суроолор менен көп кайрылган учурлар бар. Андыктан алар үчүн окуу борборлорун уюштуруу керек», — деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.

Мындан тышкары, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Нарын шаарындагы борбордук «Азирети Али» борбордук мечитинде жума баянын жасап, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.