Убайдулла ажы Сарыбаев Бишкек шаарында өткөрүлгөн этностор аралык Республикалык жыйынга катышты


Кечээ, 14-ноябрь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Бишкек шаарында өткөрүлгөн этностор аралык республикалык кеңешме-жыйынга  катышты.

Аталган жыйынга Президенттин аппаратынан Кудайберген Базарбав, Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бактияр Салиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер Фон Аркс жана Республиканын көп этностуу райондорунда жана шаарларында түзүлгөн коомдук консультативдик кеңештин төрагалары менен мүчөлөрү катышты. 

Жыйындын алкагында Убайдулла ажы Сарыбаев элдин биримдигин, ынтымагын бекемдөөдө дин кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

«Элдин биримдиги- бул мамлекетибиздин бекемдиги болуп саналат. Биримдикте болгондо гана өнүгүп-өсүү болот. Бул боюнча жума баяндарында, той аштарда, жаназа жана эл чогулган жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.