Нарын облусунун казысы облустун координациялык кеңешинде сөз сүйлөдү

13-ноябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Нарын облусунун координациялык кеңешинин отуруму өткөрүлдү.

Анда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды, үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу,  ошондой эле облустун аймагындагы диний экстремизмге каршы күрөшүү, терроризмди алдын алуу жана диний мекемелер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу маселе каралды. Бул багытта жасалып жаткан жумуштар жана кемчиликтер талкууланды.

Жыйында облустун казысы Мамбетасан ажы Ибраев диний мекемелер боюнча маалымат берди. Анда Нарын облусунда жалпы 151 мечит болсо 126сы, же 84 пайызы мамлекеттик каттоодон өтүп, пайдаланууга уруксат берилген. Калган мечиттерди мыйзамдаштыруу көптөн бери келаткан көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билдирди.

«Облус аймагында бүгүнкү күндө 151 мечит бар. Анын 126сы катоодон өттү. Ошондой эле адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн талапка жооп бербеген мечиттер дагы бар. Бүгүнкү күндө диний мекемелерге иштегенге светтик жана дин боюнча билими бар жаштар керек болуп жатат. Бул боюнча биз имамдык курстарды, Нарын медресесининде балдарды окутуп жатабыз»,- деди Мамбетасан Ибраев.