Ала-Бука районунун Жойбелент айылынын тургуну атасына аш өткөрөм деген каражатка эки айылды бириктирген көпүрө салды

Ала-Бука районунун дин кызматкерлери  жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин  натыйжасында  Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу Жойбелент айылынын тургуну Муратбек Райымбеков бир туугандары менен кеңешип, атасына аш өткөрөбүз деген каражатка эки айылдын ортосун бөлгөн сууга көпүрө салышты. Бул иш-чарага катышкан айыл аксакалдарынын кубанычында чек жок.

“Жойбелент айылынын жашоочусу Муратбек Райымбеков атасына аш өткөрүп, дасторкон салуунун ордуна калк муктаж болгон көпүрөнү салып, эки айылдын бири-бирине каттоосуна ыңгайлуу шарт түзүп берди”,-деди Ала-Буканын баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев.

Баш имам хатибдин айтымында ашыкча ысырап кылууну токтотууда райондогу имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

“Имамдарыбыздын көп жылдардан бери калк арасында жүргүзгөн иш-аркеттеринин натыйжасы деп айтсак болот. Муратбек агабыз сунушубузду туура түшүнүү менен кабыл алып, бир туугандары менен кеңешип, калк муктаждыгын чечип берди. Жасаган кайрымдуу ишинин сообу маркум атасына жетсин деп тилек кылабыз”-деди Шумкарбек ажы.