![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/11/IMG-20201107-WA0051.jpg)
Алыскы Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы «Артыкбай ажы Осмон уулу» мечитинин имамы Раталы ажы Бүркүтбаевдин демилгеси менен ашар жолунда мечиттин айланасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул туурасында Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов билдирди.
Баш имам хатибтин айтымында оңдоп-түзөө иштерине жумшалган каражатты жергиликтүү тургундар топтошкон. Ал эми мечиттин алдындагы чатырды 1999-жылы мектепти бүтүргөн окуучулар куруп беришкен.
“Калк арасында ысырапкерчиликке бөгөт коюлуп келүүдө. Эл деле ашыкча чыгымдардан чарчап, кайрымдуулук иштерин кылууга аракет кылып жатышкандыгы кубантат. Өзгөчө жаштар кайрымдуулук иштеринде активдүү болушууда”-деди баш имам хатиб.