ОшМУнун теология факультетинин жана теология колледжинин студенттери Ош облусунун мусулмандар казыятына практикага келишти

ОшМУнун теология факультетинин жана теология колледжинин студенттери Ош облусунун мусулмандар казыятында, облуска караштуу бардык райондук хатибияттарда практикаларын өтөшүүдө. Теология факультетинин студенттери 1ай, ал эми теология колледжинин студенттери 2 жума практикадан өтүшөт. Ош облусунун аймагына жалпысынан 50дөн ашуун студент бөлүндү.

Облустук казыяттын курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбековдун айтымында казыятта ар жылы ОшМУнун теология факультетинин жана теология колледжинин студенттери практикаларын өтөшүп, тажрыйбаларын бекемдешет.

«Жыл сайын теология факультетинен практиканттарды кабыл алабыз. Алар казыятта, райондук хатибияттарда жана облуска караштуу диний окуу жайларда практикаларын өтөшөт. Казыяттын ар бир адиси өз  тажрыйбалары менен бөлүшүп, аларга керектүү болгон жолдорду көрсөтүшөт. Бул жылы диний окуу жайлар  пандемияга байланыштуу онлайн форматта окуп жаткандыктан улам практиканттарды диний окуу жайларга чыгара албайбыз», — деди казыяттын курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбеков.

Муну менен катар практиканттар казыят, хатибияттардын ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышып, тиешелүү документ иштеринин жүргүзүлүүсү боюнча кабардар болушууда.