Кербен шаарындагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 50 мүшөк көмүр таратылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын Ак-Дөбө аймагындагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 5 мүшөктөн көмүр таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди.

Баш имам хатибдин айтымында бул үй-бүлөлөр жардамга муктаж болгондуктан  жергиликтүү жеке ишкер колдон келген жардамын жасаган.  

“Албетте, муктаждар көп.  Бардыгына жардам берүү мүмкүн эмес. Бирок аз дагы болсо жардам колун сунуп, кайрымдуулуктарды жасай берсек бул үй-бүлөлөрдүн дагы жашоо-турмушу оңолот”,-деди Мырзабек ажы Абдыкалыков.