Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Ысык-Көл облустук казыяттын жаңы идарасынын курулуш ишин тездетүүнү тапшырды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Ысык-Көл облустук казыятына жасаган иш сапарынын алкагында кызяттын эмгек жамаатына жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Тактап айтканда Жоробай ажы учурдагы коронавирус пандемиясына байланыштуу сактык чараларын сактоого, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууга, жума хутбаларын үзгүлтүксүз өтүп турууга, жаштар менен терс диний агымдар жана суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды.

“Муфтият жана Казыяттын эмгек жамааты эл кызматында болгонун эстен чыгарбашы керек. Казыятка  кайрылып келген ар бир жаран нааразы болбой ыраазы болуп кетүүсү зарыл. Имам, хатибтердин билим деңгээлин жогорулатуу да зарыл болуп тарат. Ысык-Көл облустук  казыятына тийиштүү жер тилкелери бар экен. Мына ошол жакка демөөрчүлөрдү табып,  окуу жайларды куруу керек”, — деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.

Ошондой эле Жоробай ажы Каракол шаарында салынып жаткан  Ысык-Көл облустук казыятынын жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышып чыгып, келечекте казыяттын ишмердүүлүгүн алгылыктуу жүргүзүүгө  чоң өбөлгө болоорун баса белгилөө менен бирге батасын берип кетти.