Майлуу-Суу шаарынын Мира көчөсүндө намазкана ачылат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Мира көчөсүндө жаңы намазкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди.

Анын айтымында, намазкана салына турган жерде СССР доорундагы кароосуз калган  эки кабаттуу имарат турчу. Бул жерди Орусияда эмгектенген Гулипа Байтаева аттуу шаар тургуну сатып алып, намазкана үчүн берди.

«Мекендешибиздин салымы менен  үстүбүздөгү жылдын декабрь айына чейин намазкана пайдаланууга берилет. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Соопчулук үчүн мындай иштерге кайдыгер карабаган мекендештерибиздин ишине ийгиликтерди каалайбыз»,-деди Абсатар ажы.