Ош шаарында дин кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш болуп өттү

Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан дин кызматкерлери үчүн атайын спорттук мелдеш өткөрүлүп, ага казыят кызматкерлери, Ак-Буура батыш хатибияты жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын имамдары катышты.

Мелдеш Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов көзөмөлгө алып, мындай спорттук иш-чаралар байма-бай өтүп тураарын баса белгиледи.

«Сиздер жүрөктөгү ыйманыңыздарды күчөтүп, элдерге динди жеткирүүдө мээнет кылып жатасыздар. Мына эми ооруу сыркоодон алыс болуу үчүн денебизди да чыңдообуз керек. Спорт – ден соолуктун булагы экендигин да унутпайлы», -деди Мирланбек ажы Токтомушов

Мелдеш спорттун волейбол жана футбол түрлөрү боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөр үчүн атайын сыйлыктар тапшырылды. 

Мелдештин жыйынтыгы: 

Спорттун волейбол түрү боюнча жеңүүчүлөр:

1. Казыят кызматкерлери тарабынан түзүлгөн «Казыят» командасы
2. Ак-Буура Батыш хатибияты имамдары тарабынан түзүлгөн «Батыш» командасы
3. Ак-Буура Чыгыш хатибияты имамдары тарабынан түзүлгөн «Чыгыш» командасы

Спорттун футбол түрү боюнча жеңүүчүлөр:

1. Ак-Буура Батыш хатибияты имамдары тарабынан түзүлгөн «Батыш -1» командасы
2. Ак-Буура Чыгыш хатибияты имамдары тарабынан түзүлгөн «Чыгыш» командасы
3. Ак-Буура Батыш хатибияты имамдары тарабынан түзүлгөн «Батыш -2» командасы
4. Казыят кызматкерлери тарабынан түзүлгөн «Казыят» командасы

Аталган спорттук мелдешти уюштурууга Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетти көмөк көрсөткөн.