Сузакта мечиттердин кышка даярдыгы текшерилди


Жалал-Абад облустук казыятынын Сузак райондук хатибияты район боюнча  мечиттердин кышка карата камылгасын текшерүүгө алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда аталган  райондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн графиктин негизинде райондун аймагындагы мечиттер толук  текшерүүдөн өтүүдө.

Алгачкы текшерүүлөр Сузак жана Ырыс айыл аймактарынын мечиттеринде болуп, мында дээрлик бардык мечиттер талапка жооп бере турган аныкталды.

“Кыш жакындаган сайын жарандардын коопсуздугун алдын алууда район аймагындагы мечиттердин көпчүлүгү колунан келген аракетин көрүп жатышат. Биз текшерүүгө алган учурда көпчүлүк мечиттер жылуулук менен камсыздалган. Айрымдарына эскертүүлөр берилди”,-деди баш имам хатиб.