Ысык-Көлдө 2020-2026-жылдарга карата кабыл алына турган КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы коомдук талкууга коюлду

Бүгүн, 11-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан “Карагат” мейманканасында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жыйын өткөрдү. Отурумда 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, аны менен катар жаңы 2020-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик Концепциясынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков , Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Саламат Жолдошев менен катар  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана  облус аймагындагы конфессия өкүлдөрү катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2020-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын долбоору тууралуу жалпы маалымат берилип, андан соң талкуу суроо-жооп форматында улантылды.

Анын алкагында катышуучулар сунуш-пикирлерин айтуу менен бирге айрым маселелерди да көтөрүшүп, буга чейинки Концепцияда эске алынбай калган жагдайларды жаңы Концепцияга кошуу демилгесин көтөрүштү. Бул багытта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү бардык белгиленген кошумча-алымчалар жаңы долбоорго кошуларын билдиришти.

Өз учурунда Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиевге да сөз берилип,  ал аталган Концепциянын дин чөйрөсүн иретке келтирүүдө орду чоң экендигин баса белгиледи.

“2020-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын жаңы долбоорун кабыл алуу алдында турабыз. Учурда аталган долбоор тууралуу  өлкөнүн бардык аймактарына маалымат жеткирип, ал жактан дин чөйрөсүндөгү  жарандардын  ой-пикирлерин эске алынууда. Бул сапар  Ысык-Көл облусунун конфессия өкүлдөрүү менен  жолугушуу өтүп жатат. Бул жактан да  айтылган сунуштар эми  жаңы концепцияга кошулса, дин чөйрөсү дагы жакшырат деген үмүт чоң”, — деди Жоробай ажы Шергазиев.