Россиянын Борбордук Дин Башкармалыгы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосунда кызматташтык боюнча онлайн саммит өттү

Бүгүн, 11-ноябрда Россия мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгынын жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу онлайн  саммити өттү.

Саммитке Россия мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Шейх-ул-Ислам, Россия Мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгынын төрагасы Талгат Сафа Таджуддин, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Россия Ислам Университетинин ректору Сулейманов Артур Русланович катышты.

Эки тараптуу саммитте төмөнкү маселелер каралып, кызматташуунун мындан аркы артыкчылыктуу багыты, максаты айтылды.

Алар:

— Россия Мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын 2020-2021-жылдар аралыгындагы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү процессин уюштуруу боюнча сунуштарды берүү;

— 2020-2021-жылдар аралыгында Россия  Мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен күн тартибин түзүү;

— Россия Мусулмандарынын Борбордук Дин Башкармалыгы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы 2020-2021-жылдар аралыгында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу процессин колдогон жана камсыз кылган биргелешкен байланыш тобун түзүү;

— 2020-2021-жылдарга Россия жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыктарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жана кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктоо.