Чолпон-Ата шарынын баш имам хатиби Бишкектеги “Билим шамы” медресесине жардам көрсөттү

 7-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев Бишкектеги Жал айылында жайгашкан  “Билим шамы” карылар медресесине барды. Ал жактан Абдыразак ажы аталган окуу жайда жетишсиз болуп жаткан 24 даана  Курани Карим китебин белеке берип, аны менен бирге азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү.

Айта кетсек, аталган каражатты топтоого Чолпон-Ата шаары менен Кара-Ой айылынын тургундары көмөк көрсөткөн.

“Карылардын өтүнүчү менен Курани Карим китебине муктаж болуп турган 24 тарбиялануучуга бирден китеп белек кылдык. Андан сырткары картошка, пияз, бал, өсүмдүк майы, шекер, таттуу суусундуктарды азык-түлүктөр менен бирге бүгүнкү күндө талап болуп жаткан бет кап менен антисептикалык каражаттарды алып бердик. Ошондой эле 5 500 сом акчалай жардам да көрсөттүк,” — деди Чолпон-Ата шарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев.

Белгилей кетсек, “Билим шамы” медресесине көрсөтүлгөн жардамдын жалпы наркы  65 381 сомду түздү.