Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Садыбакас ажы Дооловго көңүл айтты

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев белгилүү дин аалымы, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Дооловдун атасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтат.

Урматтуу Садыбакас ажы! Суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Атаңыз молдо Шараптын дүйнө салышына байланыштуу чын дилимдин көңүл айтамын. Атаңызды жакындан таанычумун. Куран менен сүннөттү бекем кармаган,  такыва инсан эле. Илим- билимге маани берип, Куран илимдерин бардык уулдарына үйрөтүп кетти. «Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» (Аль-Бакара, 156).

Кайрат кылыңыз, Жараткан Аллах маркум атаңыздын жаткан жерин жайлуу, топурагын торку кылсын.

Ош облустук мусулмандар казыятынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев