Илимдин зарылдыгы

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Баардык мактоо, даңктоо бүткүл ааламдарды жараткан анын ичинде бизди айбандан айырмалап акыл берип инсан кылып, инсандардын арасынан мусулман кылып жараткан  улуу Аллах Таалага гана таандык. Аллах баардык нерсени Көрүүчү, Угуучу, Жаратуучу, бүткүл улуулуктун ээси. Кимде ким Аллага ишенсе жана Ага бул жалган дүйнөдө татыктуу кул болууга аракет кылып жашаса, Алла аны бул дүйнөдө жана Акыретте бактылуу кылат.

Урматтуу мусулман бир туугандар, Алла кимге байлыкты же мансапты берген болсо ал нерселер Аллах ал адамды сүйгөндүгүнө далил боло албайт. Кимге Аллах ыйманды насип кылган болсо, мына ошол нерсе Алла ошол адамды сүйгөндүгүнө далил. Ошондуктан Алла берген улуу нематтарды Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Алланын салам-салаваты болсун) көрсөткөн жол менен туура пайдаланып, Аллага татыктуу кул болуу биздин ыйык милдетибиз. Андыктан ар бирибиз бул жалган дүйнөдө ак менен караны, адал менен арамды ажыратыш үчүн илим алуу барыбызга милдеттүү. Аллах Таала Куранда: «Эй (Мухаммад!) Аларга: Билгендер менен билбегендер тең боло албайт?-деп айт. Чындыгында акыл ээлери гана (Курандын) насаат алат»- деп айткан (Зумар сүрөсү – 9 аят). Абу Масъуд (андан Алла ыраазы болсун) баяндайт: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Дин илимин алуу ар бир мусулман эркек жана аялга парз» (Ал Кабиир жана Ал Аусат). Ошондуктан Куран жана Пайгамбарыбыздын хадистеринде келген Илимдин пазилеттери жөнүндө аят жана хадистерден кеңири баяндап өтөлү.   

Илимдүү адам тирүү сыяктуу, илимсиз адам өлүк сыяктуу. Өлүк адам өзүн эч нерседен сактай албагандай эле илимсиз адам дагы өзүн шайтандын жана нафсинин азгырыгынан сактай албайт. Азирети Абу Хурайрадан (андан Алла ыраазы болсун) баяндайт: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Кайсыл бир адам дин илимин алуу жолунда жүрсө Аллах Таала ал адамга бейиштин жолун жеңил кылып коет»-деп айткан. (Тирмизи, Абу Дауд) Жана ошондой эле Аллах Таала Куранда дагы бир башка аятында  «Чындыгында, пенделеримдин билимдүүлөрү Аллахтан коркушат. Ырасында, Аллах-Ызааттуу, Кечиримдүү.» (Фатир сүрөсү-28 аят).  Чындыгында Алланын чыныгы Улуктугун (Азаматын) илимсиз адамга түшүнүп жетүү өтө кыйын. Эгер илим болбосо Алланын Улуктугуна (Азаматына) түшүнүп жетүү мүмкүн эмес жана ошондой эле Алланын өкүмдөрүнө баш ийип аткарууга кызыгуунун пайда болуусу да мүмкүн эмес. Анасдан (андан Алла ыраазы болсун) баяндайт: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Кимдир бирөө дин илимин издөөгө чыкса анда ал адам кайтканга чейин Аллахтын жолунда болот.» (Тирмизи) Кимдир бирөө илим алса Аллах анын даражасын көтөрүп жана ырыскысын кеңейтип койот. Аллах Таала Куранда бул боюнча дагы «Аллах силердин араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражасын көтөрөт.»- деп айткан. (Мужаадала сүрөсү – 11 аят)дагы бир башкааятындаАллах Таала Куранда «Биз (Курандагы) мисалдарды адамдарга түшүндүрүш үчүн баяндайбыз, жана ал мисалдарды илимдүүлөр гана түшүнүшө алат»- деп айткан. Куранда баяндалган мисалдардан пайда алуу үчүн ар бир адам илим алуусу зарыл. Абу Хурайра (р.а.) дан риваят ал айтты: Мен Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын мындай деп айтып жатканын уктум: «Дүйнө жана дүйнөдөгү нерселердин баары каргыш кылынган, бирок Алланын зикири жана Алланын зикирине жакын болгон адамдар жана илимдүүлөр гана каргыш кылынган эмес.» (Тирмизи)

Ибн Аббас (р.а)дан риваят: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Кайсыл бир адамга илим талап кылып жүргөн абалында өлүм келсе ал адам Аллах Таала менен ушул абалда жолугушат, ал адам менен пайгамбарлардын ортосунда пайгамбарлыктын айырмасы болот.» (Тибраний филавсат)

Азирети Хасан (р.а) Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын сөзүн баяндады: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Кайсыл бир адамга Исламды таркатыш үчүн илим алып жүргөн абалында өлүм келсе, анда бейиште ал адам менен пайгамбарлардын ортосунда бир эле даража болот.» (Баззаз жана Тибраний риваят кылат)

Мусулман адам кандайдыр бир ишти кылууну кааласа, алгач ал ишти аткаруудан мурда динибизде уруксат берилеби же берилбейби ошону тактап билүү зарыл. Эгер ал ишти аткарууга динибиз уруксат берсе, анда ал ишти шарияттын негизинде аткаруунун илимин билүүгө милдеттүү.

Даярдаган: КМДБнын ажылык-умра бөлүм башчысы Абдылдаев Жолдошбек Муканович