Азирети Муфтий Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Дооловдун атасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү  Садыбакас ажы Дооловдун атасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Садыбакас ажы! Атаңыз  молдо Шараптын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалабыз сизге күч-кубат берсин. Жаратканыбыз маркум атаңызды Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан  тилеймин.

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев