Сабырдын түбү сары алтын

         «Ким сабыр кылса, Аллах ага сабырдуулук (чыдамкайлык) берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес.» (Муслим, Зекет, 124.)

         Урматтуу мусулман бир туугандар!

         Бул жашоодо ар бир адам жолоочу сыяктуу. Убактылуу жашоого келген адам кетет, тактап айтканда бул жалгандан өтөт. Ар бирибизди бактылуулукка, жыргалчылыкка жана бейишке алып бара турган жолдо, башыбыздан өйдө-төмөн, сүйүнүч менен күйүнүч сыяктуу далай нерселерди өткөрөбүз. Эгер биз көптөгөн кыйынчылыктарга баш бербей, үмүтүбүздү жакшылыктан үзбөй жакшылыктын жолунда сапарткарыта берсек, Аллах Таала бизге жүрөгүбүздү убайымдан, тилибизди арыздануудан жана денебизди туура эмес кыймыл аракеттерден сактаган теңдешсиз бир белегин тартуулайт. Ал белек, сабыр.

         Урматтуу боордоштор!

         Сабыр – кордук көрүү же болбосо карып болуу (байкуш, бечара болуу) эмес. Сабыр – кайратсыздык, коркоктук же болбосо айласыздык да эмес. Сабыр – бекемдик, туруктуулук; Кудайдын кулу экендигибизди билип, ага ибадат кылып, баш ийүүнү улантуу. Сабыр – чыдамкайлык менен жашоонун ар түрлүү сыноолоруна туруштук берүү. Сабыр – кыраакы, баамчыл болуу аркылуу шайтанга азгырылбай, нафсиге алданбай жашоого аракет кылуу. Сабыр – кайраттуулуктун аркасында күтүүсүздөн келген мүчүлүштүктөрдү адилеттүүлүк жана токтоолук менен чечүү. Сабыр – тобокелдикке салуу менен ийгиликке жетүүнүн баардык себептерин аткаргандан кийин, Кудай Тааланын маңдайга жазган тагдарына ыраазы болуу. Ошондой эле сабыр – ыймандуулуктун, жакшылыктын туткасы, бейиш казынасы.

          Кадырлуу бир туугандар!

         Адам баласы кээ бир учурларда кичинекей кыйынчылыктарга да сабыр кылууну каалабайт. Кээде аябай чоң апаатка туруштук бере албай, сабырдан чыгып, үмүтсүздүккө түшөт. Оорудан сакайбай, материалдык кыйынчылыктары чечилбей, үй-бүлөдөгү мүчүлүштүктөрү түгөнбөй тургандыгын ойлойт. Жакшы жашоо, ийгилик жана шыпаа «менден алыс» — деген ойго түшөт. Бирок ыйык Куранда айкын айтылган сүйүнчү бар:

«إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا   فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا»

«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет.» (Инширах, 5-6.)

Ар бир кыйынчылыктын артында көптөгөн жакшылыктар катылуу. Жамандык сыяктуу көрүнгөн бир иштен, биз күтпөгөн жакшы нерселер чыгышы мүмкүн. Тек гана адам баласы аракет, сабыр жана туруктуулукту жоготуп жибербесе болгону! Ал, Аллах Таала дайыма сабыр кылуучулар менен бирге экендигин унутпаса болгону!

         Урматтуу мекендештер!

         Сүйүктүү пайгамбарбыз (с.а.в.) бир хадисинде мындай деген: «Ким сабыр кылса, Аллах ага сабырдуулук (чыдамкайлык) берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес.» (Муслим, Зекет, 124.)

         Андай болсо, сабыр сыяктуу жакшылыктын баркын билели. Аллах бизди токчулук менен да, жокчулук менен да, сынай тургандыгын эстен чыгарбай, мындай сыноолорду аракет жана сабыр кылуу менен жеңе тургандыгыбызды билели. Эч качан Кудай Тааланын жардамынан жана ырайымынан үмүт үзбөйлү.

         Кайрылуумду (хутбамды), Ыйык Курандагы төмөнкү аят менен бүтүргүм келип жатат:

» إِنَّهُ مَن يَتَّقِ وَيِصْبِرْ فَإِنَّ اللّهَ لاَ يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ»

«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте, Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт.» (Юсуф, 90.)