Жоробай ажы Шергазыев: Кызмат ордубузга жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз милдеттерибизди так аткаруубуз керек

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ош облусу жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаардык казыяттын эмгек жамааты менен жолугуп, жыйын өткөрдү.

Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары: 

  1. Дин кызматкерлери кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруусу;
  2. Ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
  3. Пандемия шартында зарыл болгон сактык чараларын көрүү;
  4. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  5. Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу;
  6. Жума хутбаларын үзгүлтүксүз өтүү;
  7. Жаштар менен терс диний агымдар жана суициддин алдын алуу боюнча иш алып буруу;
  8. Үй-бүлө баалуулуктары боюнча турмуш куруп жаткандарга түшүндүрүү ишин күчөтүү
  9. КМДБ тарабынан берилген тапшырмалар менен иштөө жана өз учурунда аймактардагы дин кызматкерлерине жеткирүү  боюнча тапшырмалар берилди.

«Кызмат ордубузга жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз милдеттерибизди так аткаруубуз керек. Чыныгы мусулман баштаган ишин майын чыгарып аткарат», — деди  Жоробай ажы Шергазыев