Ниязалы ажы Арипов: Элдин биримдиги, мамлекетибиздин ички бекемдиги

Кечээ, 6-ноябрь күнү Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов ынтымак, диндеги аша чапкандык жана экстремизмдин алдын алуу боюнча баяндамасын жасады.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов, казыяттын чарба, курулуш жана мечиттер адиси Номан уулу Муктарбек жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул күнү Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары элди ынтымакка чакырып, коомчулукту ар кандай терс диний агымдардан алыс болууга чакырды.   

«Элдин биримдиги, мамлекетибиздин ички бекемдиги. Тарыхка назар салсак,  беделдүү империяларда сырткы күчтөр таасирине караганда, ички чыр-чатактар оор жоготууларды алып келген. Мына ошондуктан «Ырыс алды ынтымак»- деп ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес. Ынтымак болсо, тынчтык, жакшылык жана ырыскыбыз кенен болот» — деди Ниязалы ажы Арипов