Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук казыятына бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош облустук казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү.

Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары төмөнкү маселелерге токтолду:

  1. Дин кызматкерлери кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруу;
  2. Ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
  3. Пандемия шартында зарыл болгон сактык чараларын көрүү;
  4. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  5. Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу.
  6. Жума хутбаларын үзгүлтүксүз өтүү ж.б.

«Алдыбызда аткарыла турчу иштер көп. Мына пандемиянын экинчи толкуну дагы келе жатат. Биз ага болгон даярдык иштерин кынтыксыз аткаруубуз керек. Кызмат бизге берилген аманат. Ага салкын амиле жасап, кыянат кылбайлы. Ар бирибиз өзүбүзгө жүктөлгөн тапшырмаларга жоопкерчилик менен мамиле жасайлы»,-деди Жоробай ажы.