Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ЖМКнын өкүлдөрүнүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктайм!

Азыркы ааламдашуу доорунда маалыматсыз жашоону элестетүү кыйын. Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт. Кыскасы, бүт дүйнөнү кыймылдатып жаткан — бул маалымат.

Абалтан Кыргыз эли сөзгө чоң маани берип келген. Буга эл арасында айтылып калган макал-лакаптар далил: «Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет», «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» ж.б. Тилекке каршы айрым учурларда такталбаган, адамдын кадыр-баркына, үй-бүлөсүн мазактаган жалган маалыматтар тарап, элди дүрбөлөңгө түшүргөндөр дагы жок эмес.

Журналист бул коомдун күзгүсү, элдин арыз-муңун тийиштүү органдарга жеткирүүчү көпүрөө. Мындан улам ЖМК тармагында эмгектенген калем ээлерин туура, калыс, чындыкты чыркыраткан маалыматтарды таратууга чакырым. Эл үчүн, мамлекет үчүн, коом үчүн жасаган ак кызматыңыздардын үзүрүп көрүп, эмгегиңиздер арта берсин! Сиздерге Жараткан Алла Таалам чыгармачылык эргүү, үй-бүлөңүздөргө амандык, ден соолук, мол ырыскы берсин. 

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев