Ырыс алды – ынтымак
Тарых адам баласына ынтымак жана биримдик менен жашаган коомдор дайыма күчтүү боло тургандыгын ачык эле көрсөтөт. Мындай коомдор жер жүзүнө адилетүүлүктү орнотуп, бай маданиятка ээ болуп келишкен. Ал эми ынтымагы жок коомдор аркасына из калтырбай, кыска бир убакыттын ичинде тарых барактарынан өчкөн.
Элдүүлүгүбүздү жоготуп албас үчүн ар бир жаран бийик максаттарга жетүүгө бел байлап, ынтымак жана биримдигибизди уламдан улам чыңдай беришибиз керек. Анткени, биз дүйнөнүн эң кооз жана стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон жеринде жашап жатканыбыз анык. Андыктан ааламдашуу доорунда, биздин жерге ар кандай максатты көздөп кызыккан чет элдер да арбын. Ич ара ынтымагыбыздын бүтүндүгү аркылуу тоскоолдуктардын баарын жеңе алабыз. Аба менен суу кандай керек болсо ынтымак да андан кем калбаган муктаждык болуп саналат.
Биз, ааламдын жаратылышынан биримдик жана тартиптүүлүктү ачык-айкын көрүүдөбүз. Жөнөкөй эле мисал: Ай менен Күн кыймылда болуп турса да, бири-бири менен түртүшөбү? Жылдыздар бири-бири менен сүзүшөбү? Асман менен Жер бири-бири менен каршы болобу?
Ар бири тартип менен өзүлөрүнүн милдетин аткарышууда. Булардын бардыгы Аллах Тааланын бир экендигине далил.
Куранда бул абал мындайча баяндалат:
لَوْ كَانَ ف۪يهِمَٓا اٰلِهَةٌ اِلَّا اللّٰهُ لَفَسَدَتَاۚ فَسُبْحَانَ اللّٰهِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ
“Эгерде асман менен жерде Аллахтан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетмек.” (Анбия, 22.)
Динибиз ислам, тавхид дини. Аллах Таала – жалгыз Кудай. Ибадат кыла турган мечиттерибиз – бизди топтогон, бириктирген, момундарды ынтымакка алып келүүчү куттуу жай.
Ар жылы дүйнөнүн чар тарабынан келген салттары, түстөрү жана тилдери башка болгон, болжолу менен беш миллионго жеткен мусулмандын Арафат тоосуна келип чогулуп, топтолуусу дагы аябай чоң маанини туюндурат.
Аллах Таала Курани Каримде:
وَاعْتَصِمُواْ بِحَبْلِ اللّهِ جَمِيعًا وَلاَ تَفَرَّقُواْ
«Баарыңар Аллахтын жибин карманып, бөлүнүп-жарылбагыла!» (Али Имран, 103.) дейт.
Кудай Таала бул эскертүүнүн артынан эле, ынтымак менен биримдикти таштап койбоо керек экендигин:
وَلاَ تَكُونُواْ كَالَّذِينَ تَفَرَّقُواْ وَاخْتَلَفُواْ مِن بَعْدِ مَا جَاءهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَأُوْلَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ
«Өздөрүнө ачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп-жарылып, каршылашкандардан болбогула! Мына ошолорго – улуу азап бар!» (Али Имран, 3/105) аяты менен эскертет.
Аллах ынтымак жана биримдикте болгондорго жардам кылат.
Динибиздин буйруктарынан чыкпай, ынтымак жана биримдик менен жашап келген ата-бабаларыбыз, тарыхта өчпөс издерди калтырып кетишкен. Калкыбызга жана Мекенибизге келген коркунучтарды ынтымагы менен жеңген. Бүгүнкү күндөгү биз ээ болгон улуттук маданиятыбыз дин менен жуурулушкан. Улуттук маданиятыбыздан, диний мотивдерди алып сала турган болсок артта көп нерсе деле калбайт. Бул нерсе болсо, улуттук маданиятыбыз динден ажырагыс экендигинин белгиси.
Тарыхта бизди кармап турган, улуттук жана руханий дөөлөттөрүбүз экендигин унутпашыбыз керек. Кечээ болгону сыяктуу эле бүгүн дагы, ынтымагыбызды ыдыратып, ыйык дөөлөттөрүбүздү жок кылууну эңсегендер болот. Мындай иш-аракеттер, кыраакылык сапатка ээ болгон элибиздин бекем ыйманынын аркасында албетте ийгиликке жетпейт. Анткени мусулман калкыбыз, Куранда Аллах Таала:
وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلاَ تَتَّبِعُواْ السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
«Ырасында, бул менин туура жолум, эми аны менен гана жүргүлө; башка жолдор менен жүрбөгүлө, алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Силер такыба болууңар үчүн, Ал силерге ушуну насаат кылат. (Анам, 6/153) деп буйруп, Куран чийип койгон туура жолдон чыгуунун, акыйкаттан таюу экендигин билет.
Биз каалаган ынтымакка келүү, мусулман калкыбыздын чын көңүлдөн бири-бирин сүйүп бир туугандык сезимин бекемдөө менен ишке ашат. Катуу шамалга туруштук бербей сапырылып учкан кумду, цемент менен аралаштырып жууругандан пайда болгон цемент кандай бекем болсо, ынтымак менен жуурулган коом дагы ошондой эле бекем болот.
Биз, өлкөбүздөгү ынтымак жөнүндө айтып жатып, бир жактуу гана ынтымактан сөз кылган жокпуз. Өлкөбүздө ар кандай айырмачылыктарды да сыйлайбыз. Алар да биздин маданиятыбыздын бир бөлүгү. Биз тек гана бири-бирибиз менен ыркырашпай, ынтымак менен жашоонун маанилүү экендигин айткыбыз келип жатат.
Ынтымак жана биримдигибизди бузууга аракет кылган душмандардын ортобузга чыр салууну каалап жаткан чагымчылдыктарына каршы аябай кылдат болуубуз керек. Баарыбыз бир кеменин жүргүнчүлөрү экендигибизди эстен чыгарбайлы. Куткарылуубуз үчүн жалгыз чара – кемени бирге коргоо.
Сөзүмдү Барпы Алыкулов атабыздын ыры менен жыйынтыктагым келип жатат. Барпы атабыз, төмөнкү «ынтымак» деген ырында анын кандай эбегейсиз чоң баалуулук экендигин таамай айткан:
Ынтымагы бар элдин –
Таалайы, багы ачылат.
Ынтымагы жок элдин –
Тапканы бекер чачылат.
Ынтымагы бар элдин–
Эли чогуу жыйылат.
Ынтымагы жок элдин –
Эли качып суюлат.
Ынтымагы бар элдин –
Кары, жашы туюнат.
Ынтымагы жок элдин –
Кара көзү оюлат.
Ынтымагы бар элдин –
Калага карды ток болот.
Ынтымагы жок элдин –
Бириге-бири октолот.
Ынтымагы бар элдин –
Дүркүрөп өсөт балдары.
Ынгымагы жок элдин –
Сөзүнөн чыгат жалганы.
Ынтымагы бар элдин –
Адил болот улугу.
Ынтымагы жок элдин –
Ичинен чыгат бузугу.
Ынтымагы бар элдин –
Кеңеш берет карысы.
Ынтымагы жок элдин –
Тозуп качат баарысы.
Ынтымагы бар элдин –
Катар конот айылы.
Ынтымагы жок элдин –
Эч билинбейт дайыны.
Ынтымагы бар элдин –
Жарып сүйлөйт чечени.
Ынтымагы жок элдин –
Жабырап сүйлөйт нечени.
Ынтымагы бар элдин –
Келишимдүү баариси.
Ынтымагы жок элдин –
Сөзүнөн кетет мааниси.
Ынтымагы бар элдин –
Меймандос болот аялы.
Ынтымагы жок элдин –
Адамга тиет залалы.
Ынтымактуу эл болсо –
Душманга тийген ок болот.
Ынтымаксыз эл» болсо –
Дыркырап качып жок болот.
Ынтымактуу – биригет,
Ынтымаксыз – бөлүнөт.
Ынтымак элдин – бакты бар,
Бир-бириге баркы бар.