Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев «Өмүрү өрнөктүү инсандар» китебинин автору, 83 жаштагы Абдинаби ажы Жунусовду кабыл алды

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ноокат районунун ардактуу тургуну, 83 жаштагы Абдинаби ажы Жунусовду кабыл алды. Жолугушууда Абдинаби ажы Жунусов  «Тарых жана маданият» жылына карата «Өмүрү өрнөктүү инсандар»  аттуу китеби менен тааныштырды.  

«2016-жыл «Тарых жана маданият» жылы деп белгиленип, сиз телеканалдар аркылуу кайрылуу жасадыңыз. Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев мени чакырып, аалымдар туурасында атайын китеп жазуу тапшырмасын берди. Китепти жазуу оңойго турган жок. Ал үчүн мен эки жарым жыл эмгектендим»,-деди Абдинаби ажы.

Китепте Ноокаттан чыккан атактуу аалымдар туурасында жана учурда эмгектенип жаткан аалымдар туурасындагы маалыматтар камтылган. Муну менен катар автор китепте ислам, ыйман, ибадат, намаз, зекет жана ажылык боюнча айтып, китеп коомчулукту агартуу тармагына өз салымын кошот деген үмүттө.