Жалал-Абад казыятында медресе студенттери арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 23-ноябрь күнү Жалал-Абад облустук казыяты жана  “Аз-Захра” медресеси тарабынан уюштурулган конкурс жыйынтыкталып,  жеңүүчүлөр аныкталып белектер тапшырылды. Сыйлоо аземине облустук казыяттын окуу бөлүм башчысы Арпидин ажы Жороев, “Ак нур” жана “Жаңы муун” кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү,  медресе мугалимдери катышты.

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү студенттер сыйланышты:

1-орунга “Аз-Захра” медресесинин студенти Зайнабидин уулу Атабек;

2-орунга “Амир Хамза” Ислам институнун студенти Курманалы кызы Уулжан;

3-орунга “Аз-Захра” медресесинин студенти Бакир Токторбаев болду.

“Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) туулган айына карата медресе жамааты облустук казыят менен  кеңешип чакан болсо да конкурс  уюштурууну туура көрдүк. Өлкөбүздөгү кырдааалга жараша конкурс онлайн түрүндө болду. Жыйырмадан ашуун студент катышып,  жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Конкурска демөөрчүлүк кылган “Ак нур” жана “Жаңы муун” фонддоруна ыраазычылык билдиребиз”,-деди Аз-Захра медресесинин мүдүрү Нурдин Рустамбек уулу.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү айдын башында Пайгамбарыбыз (С. А.В.) дын туулган айына карата Жалал-Абад облусундагы медреселер аралык  ыр жанрындагы онлайн форматында конкурс жарыяланып, төмөнкү шарттар талап кылынган:

  1. Ар бир медресенин студенти  катыша алат;
  2. Ыр саптары төрт саптан аз болбоосу керек;
  3. Ыр саптары видео форматында жөнөтүлүп, көркөм окулушу дикциясы, чыгармачылык дарамети каралган;
  4. Ыр саптары өз калемине таандык болушу керек.  

Сыйлыктар:

1-орун  мобилдик телефон;

2-орун  микротолкундуу меш;

3-орун  үтүк. ж.б. кызыктыруучу сыйлыктар каралган.