Ат-Башынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган унаасын имамга белекке беришти

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган авто унаасын айылдын имамына белекке беришти. Бул тууралуу Ат-Башы айылынын имам хатиби Мирбек Кулматов билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 20-ноябрь жума күнү Ат-Башы районунун айылдары арасында өткөн көк бөрү оюну болуп өткөн. Анда, баш байгеге жеңил автоунаа коюлуп, анда Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын жаштары баш байгеге ээ болушкан.

Айылдын жаштары аталган унааны айылдагы мечитте көп жылдан бери имамдык кылып келе жаткан Медер Турдубековго берүүнү ылайык көрүштү.

«Баш-Кайыңды айылынын имамына айылдын улак тарткан улакчы жаштары район боюнча өткөн улак тартыштан байгеге алган «Жигули» унаасын белекке беришти. Муну алар айылдагы мечиттин иштерине пайдалануу максатында тапшырышты. Мындай жакшы иш үчүн айыл аксакалдары дагы ыраазылыгын билдиришип, айылдын жаштарына батасын беришти»,- деди Мирбек Кулматов.