Каракол шаарында 100 адамга ылайыкташкан “Керим Ажы” мечити колдонууга берилди

Ысык-Көл облусунун борбор калаасы Каракол шаарында “Керим Ажы” мечити кодонууга берилди. Жаңы мечит жергиликтүү ишкер Нурлан Керимовдун демилгеси менен салынып, 100дөн ашуун киши бата тургандай, бардык шарттары менен курулган.

Мечиттин ачылышы салтанаттуу түрдө өткөрүлүп, саамалыкка Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, Ысык-Көл облусунун мурунку казысы Шакир ажы Маматов жана учурдагы облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, жергиликтүү тургундар катышты. Өз кезегинде Алмазбек ажы мечит салууга демөөрчү болгон Нурлан Керимовго ыраазычылыгын билдирип, жаңы мечитке төрт даана Курани Карим китебин белеке берди.

“Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусу боюнча мечиттердин саны 200дөн ашты. Алланын буйругу менен алардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул жакшы жышаан. Бирок мечиттердин басымдуу бөлүгү буга чейин чет өлкөлүк кайрымдуулук фонддор тарабынан курулуп келген. Кудай буюрса мынтип жергиликтүү демөөрчүлөр да демилге көтөрүп, Алланын үйүн сала башташты. Мындай алгылыктуу аракеттер башка да колунда бар момун мусулман бир-туугандарга жакшы үлгү болот деген ойдомун. Нурлан мырзага терең ыраазычылык. Ошол эле учуруда жаңы курулган мечит бош калбашы керек. Азан айтылганда жакын жашаган тургундар мечитти ээн сиретпей келип тургула”,—деди Алмазбек ажы Сагындыков.

Мечитке Нурлан Керимовдун атасы, Ысык-Көл облусунан биринчилерден болуп ажылык сапарга барып келген Керим ажынын ысымы ыйгарылды.

“Мечит салууга мындан туура бир жыл мурун белсенгем. Кудайым буюруп быйыл ачылышын жасап отурабыз. Жалпы жонунан эки миллион сомдой каражат жумушалды. Бирок, мечит жайгашкан 3 сотых жерди Каракол шаарынын Медер аттуу тургуну өз ыктыяры менен бөлүп берген. Мындан сырткары жергиликтүү эл да көмөктөшүп, мечит салып жаткан куруучуулар да кол кабыш кылышты,”— деди Нурлан Керимов.