Муфтияттын алдындагы «Вакф» фондунун директору болуп Ниязали ажы Арипов дайындалды

Бүгүн, 20-ноябрь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында түзүлүп жаткан «Вакф» фондунун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев «Вакф» фондун түзүүдө Түркия, Малайзия, Египет  мамлекеттеринин тажрыйбалары колдонулгандыгын айтып,  фонд өз пайдасын карапайым эл үчүн тийгизе тургандыгын билдирди.

«Бүгүнкү күндө «Вакф» фондун ачуу учурдун талабы. Фонддун шарияттык милдеттерин элибизге так жана даана түшүндүрүүбүз зарыл»,-деди Азирети Муфтий.

«Вакф» фондунун башкармалыгынын мүчөсү Мамасабыр ажы Досболов «Вакф» фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иш алып баруусу керектигин баса белгиледи.

«Келечекте «Вакф» фонду жакшылыкка себепчи болот. Аккан арыктан суу агат демекчи, азыр биз бул жолду көрсөтүп койсок, келечек муундарыбыз бул ишти улантып кетет»,-деди АКнын төрагасы жана «Вакф» фондунун башкармалыгынын мүчөсү Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жыйындын соңунда катышуучулар «Вакф» фондунун директору кызмат ордуна Ниязали ажы Ариповду, ички аудит кызматына Бакыт ажы Нурдиновду дайындашып, фонддун ишин мыйзамдаштырууну тапшырышты.