Муфтият лидер айымдардын катышуусунда отурум өткөрүп, алардын сунуштарын, көйгөйлөрүн укту

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында коомчулукка алгылыктуу иштери менен белгилүү болгон лидер айымдардын катышуусунда отурум өттү.

Ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов, КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов жана КМДБнын бөлүм башчылары катышты.

Отурумда Кадыр ажы Маликов Муфтият лидер айымдар аркылуу коомчулукта кездешкен аялдар арасындагы көйгөйлөрдү жакындан билүү максатында мындай отурум уюштурлганын билдирди.

Буга чейин КМДБ облустук казыяттардын алдында аялдардын окуу борборун ачып, анда бир нече айымдар диний сабатсыздыгын жоюда атайын окуудан өтүшкөн. Эми сиздерден кандай маселе болбосун сунуш пикирлерди угууга даярбыз. Мындан ары аялдар боюнча эмне иштерди күткүңүздөр келет, айымдардын башкы көйгөлөргө кайсылар ал маселени, сунуштарды тизмектеп чыгып, андан ары КМДБ бардык иш аракетти көрмөкчү”,-деди Кадыр ажы Маликов.

Акыркы убакта айымдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка, жан дүйнөсүнүн алсыздыгына, диний сабаттуулуктун жетишсиздигине жана башка бир катар көйгөйлөргө дуушар болуп келет. Мындай пикирди “Хисса бинт Зайд” айымдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Айнагүл Өмүрзакова билдирди. Анын белгилөөсүндө Кыргызстандагы айымдардын биринчи кезекте аң сезимин өзгөртүүдө Муфтият натыйжалуу иштерди жүргүзүү керек.   

Акыркы кездери аялдардын жашоо турмушунда кездешкен көйгөйлөрдү чечүүдө алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй келет. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгүн айымдар түзөт. Мындай маселени алдын алууда биринчи кезекте аялдардын диний сабатсыздыгын жоюп, аң сезимин өзгөртүү керек. Бул жаатта Муфтият жандуу иштерди алып барышы зарыл. Маселен, мамлекеттик органдар менен КМДБ тыгыз кызматташып, 3 жылдык план түзүп иш алып барышса кордук көргөн аялдардын саны азаймак”,-деди Өмүрзакова.

Жыйын соңунда лидер айымдар тарабынан бир катар сунуш пикирлер айтылып, анын үстүнөн иштөөдө КМДБ тарабынан атайын иш-чаралардын мерчеми иштелип чыкмай болду.  

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан Бишкектеги имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү айымдар үчүн окуу семинарын өткөрүп келген. Пандемияга байланыштуу окутуу онлайн фарматына өтүп, анда жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү дин аалымдары айымдардын шарияттагы орду тууралуу бир катар баяндамаларды жасап келет.