Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Өзбек улуттук борборунун ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Бүгүн, 20-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаадагы Өзбек улуттук борборунун төрагасы Рашид Ходжаевдин ыраазычылык баракчасы менен сыйланды. 

Ыраазычылык баракчаны Рашид Ходжаев өз колу менен тапшырып, анда Ош шаарында элдин ынтымагын жана биримдигин, достук алакасын арттырууда Убайдулла ажынын салымы чоң экенин баса белгиледи.

» «Ынтымак бар жерде, ырыс бар»- деп бекеринен элибизде айтылбаса керек. Убайдулла ажы улуттар аралык мамилени чыңдоодо, элдин ынтымагын жана биримдигин бекемдөөдө жигердүү иштерди жүргүзүп келет. Бул эмгеги албетте алкоого арзыгандыктан терең ыраазычылык билдиргим келет»,-деди Рашид Ходжаев.